Жогорку Сот Аксы окуясына байланышкан ишти кароону 28-июнга которду. Буга аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчибековдун сотко келбей калганы себеп болду. Жогорку Сот отурумду адегенде 28-июнга белгилеп, аны кайра бүгүнкү күнгө которгон болчу. Кийинчерээк бул 21-июнга которулуп, муну Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов ишти чоюп атат деген дооматтарды эске алынгандыгы менен түшүндүргөн. Алгачкы жолу 14-июнга белгиленген бул иш которулганына нааразы болгон отуздан ашык аксылык ачкачылык уюштурушкан. Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушкандан кийин 28-июндагы сотко келүү максаты менен Аксыга кайтышкан.(BuS)