Бул иш-чарага Кыргызстанды 10-15-жылдан бери байырлаган Тажикстан, Чеченстан, Ооганстан жана башка мамлекеттерден келген качкындар катышты.
Наргиза Тажикстандан атуулдук уруш маалында качып Кыргызстанга келген үй-бүлөөнүн кызы. 2007-жылга карата тогуз миңден ашуун Тажикстандан келген качкын кыргыз атуулдугун алышкан:
- Тажикстандан 92-жылы келгенбиз. Мен анда эки жашта болчумун. Ата-энем Тажикстан тууралуу эскеришет. Жакшы эле дешет. Сагынышат күндө эле. Мен баралекмин, быйыл кудай буйурса барабыз.
Кыргыз өкмөтү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте, аймактагы качкындарга жетишээрлик кам көрүлүп жатканын айтып келет. Бирок качкындар арасында учурда турак-жай менен камсыз болуу, жумушка орношуу маселелери курч турат:
- Шаарда каттоосу, кыргыз паспорту жок, анан башка мамлекеттен келген качкын экениңди билишсе, жумушка орношуу өтө кыйын. Эгер сенин жогорку билимиң болсо да сатуучу же болбосо пол жуугуч болгонго аргаң калбай калат, - дейт Кыргызстандагы чечендер диаспорасынын жетекчисинин орун басары Лейла Абдулова.
Учурда эки жүзгө жакын чечен качкын статусун алган. Алардын көбү 96-97-жылы келишкен. Кайра мекенине баргандар арасында, 2000-жылы кайтып келгендер да бар.
Серепчилер акыркы беш жылдын ичинде өз өлкөсүн таштап качууга аргасыз болгондордун саны дүйнө жүзүндө көбөйгөнүн белгилешет. Өзгөчө саясий жана журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукталып, өмүрүнө коркунуч туулуп башка өлкөлөрдөн башпаанек суроого аргасыз болгондордун арбып баратканы айтылат. Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы качкындар иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Карлос Закканини качкын статусун алууда адамдын кесиби же ишмердүүлүгу тоскоол болбошу керек экенине токтолот:
- Кесибине карабастан ар бир адам өмүрүнө коркунуч келген учурда башка өлкөдөн башпаанек сураганга укугу бар. Мейли ал саясий ишмер же журналист болсун качкын макамын алууга кесиби, иши тоскоол болбошу керек.
Расмий маалыматтарга ылайык, туулуп өскөн жерин таштап кетүүгө аргасыз болгондордун элүү пайызын балдар түзөт. Улуу Британиядагы “Балдарды коргоо” кору Кыргызстандагы качкын балдар менен эки жылдар бери иш алып барып келет. Аталган кордун программалар боюнча директору Дедо Нортейдин маалымдашынча, уюмдун негизги максаты билим берүү менен байланышкан жана алар азыр Чүй облусундагы 13 айылдагы 13 мектеп менен иштеп жатышат:
- Билим берүү аркылуу качкын балдардан жашоосун жөнгө салууга болот. Согуштун кесепеттери оор экени баарына белгилүү эмеспи. Бирок биздин оюбузча, эгер балдарга билим берүүнү жөндөй алсак, алардын жашоосундагы качып, жер которуудан улам пайда болгон кыйынчылыктарды аздап жойгон болот элек.