Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

11:23 Кемин райондук сотуна экс-кандидат Сейтек Чалбаев доо-арыз менен кайрылды


Бул туурасында Жаштардын либерал-прогрессивдүү партиясынын басма сөз катчысы Сергей Макаров «Азаттыкка» билдирди. Анын берген маалыматына ылайык эртең Кемин райондук сотунда Сейтек Чалбаевдин арызына байланыштуу соттук териштирүү башталат. Депутаттыкка экс-кандидат 10- июнда өткөн шайлоонун экинчи айлампасында аталган округдун он бир шайлоо участкасындагы добуш берүүнү тура эмес деп четке кагууда. Себеби аталган шайлоо участкаларында атаандашы Эрик Арсалиев добуштарды сатып алган жана жасалма бюллетендер колдонулган. Ал эми Эрик Арсалиев болсо кечээ БШКдан депутат болуп катталып, депутаттык төш белги жана күбөлүгүн алды. (JJ)

XS
SM
MD
LG