Денени даярдоо – чоң акча жана эмгек
Жай мезгилинде баарыбыз жеңил кийим кийүүгө өтөбүз, эс алууга барып калганда денең начар көрүнүп турса, албетте, тартынып, уялуу пайда болот. Тулку бойдон тартынбаш үчүн биринчилерден болуп, денени даярдоо керек. Учурда кыска, 10-15 күндүк мөөнөттүн ичинде денени эң жакшы формага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал кызматты албетте, сулуулук салондору көрсөтүшөт.
Денени даярдоодо бир канча процедуралар бар:
“Таллосо терапия”: деңиз баткагы, жалбырак менен терини даярдоо,
“Оронуу”: бул дененин көйгөйлүү бөлүктөрүнө атайын крем сүйкөө, буга деңиз чөптөрүн да колдонушат. Андан кийин адамды жылтыракка ороп, бир нече убакыт жаткыра турушат, орогондун себеби, дененин ысышына алып келип, чоң эффективдүү таасирин тийгизет.
“Целлюлитке каршы кийим”: бул кийимде атайын тегиз бөлүштүрүлгөн басым аркылуу жылуу аба чыгат, андан кийин целлюлитке каршы кремдердин жардамы менен денеге таратылат.
“Лимфодренаж”: дененин майлуу бөлүктөрүн аппарат же кол менен массаж кылуу жана арыктоого багытталган атайын даары сайуу.
“Мезотерапия”: денеге биологиялык активдүү дарыларды сайуу.
Эн негизгиси, денени даярдоодо спорт менен машыгуу да эң узак, машакат болгону менен эң туура жол экендигин унутпаңыз.
Жайкы кийим жана аксессуарлар
- Бул жылы купальниктердин ар кандай гүлдөрү менен ачык-сары өңдөгү модельдери эң модалуу деп саналат. Колго тигилген, ар кандай оймолор менен кооздолгон модельдерди популярдуу деп айтсак болот. Эки бөлүктөн турган жана туташ купальниктерди колдонууга кеңеш берет элек, анткени булар эч качан модадан чыкпайт. Алардын баалары 1600сомдон 100долларга чейин жетет. - дейт сатуучу Алекса.
Бут кийимдерден болсо, ачык тустөгү, рим сандалдарына окшогон, такасы жок, ар кандай таштар, оймо-чиймелер менен кооздолгон бут кийимдер популярдуу.
- Көз айнектер болсо, тамчыга окшош болушу керек. Ал эми көлдө эс алууга чоң көз айнектер ыңгайлуу. Себеби, жүздү, көздүн тегерегин жабып, бетиңди күйгүзүп жибербейт. Аны чоң шляпа менен кийип алса, андан бетер сонун көрүнөт. Баалары 600сомдон жогору, - деп маалымат берди кийим сатуучу кыз Лена.
Жай мезгилинде күндүн астында денеңди тегиз күйгүзүп, кантип көп убакытка чейин эс алып жатууга болот? Ага атайын күндүн нурунан коргоочу кремдер бар. Алар ар кандай түрдү колдонулат: кээ бирин сууга түшүп чыккандан кийин денени кургатып анан сүйкөсө болот, ал эми башкалары, сууга түшүп, кумга ойнойсуңбу, эч нерсе болбойт. Крем алып жатканда, тышындагы сандарга көңүл буруңуздар.
Быйыл көлөмдүү жана ачык түстөгү сумкалар эң модалуу. Бирок, баары бир, кардар өзүнүн табитине жараша тандап алса болот. Анан да ар кандай чачка жарашык берүүчү буюмдарды, желимден жасалган көлөмү чоң шуруларды, билериктерди, шакектерди колдонууга болот. Кыскасы, тандоого чек жок.
Татуаж жана татуировка
“Супер Тату” салонунун жетекчиси Еванын айтымында жай келери менен эле адамдар, айрыкча кыздар денесине татуаж мнен татуировканы тарттыра башташат. Бирок татуаж менен татуировканы бири-биринен айырмалап билүү зарыл:
- Татуаж бетке жасалат, каштын, көздүн, эриндин формасы оңдолот же күчөтүлүп берилет. Ал эми кээ бир адамдардын бетинде дефекттер болушу мүмкүн, татуаждын жардамы менен аларды оңдосо болот. Татуажды азыр бардык айымдар жашына карабай жасата башташты. Бирок, биз татуажды 18 ден өткөн улан-кыздарга жасайбыз, же болбосо ата энесинин макулдугу керек. Ал эми көркөм татуировка беттен ылдый жакка тартылат. Бул өтө философиялык нерсе. Татуировка жасатуудан мурда абдан жакшылап ойлонуу керек. Атайын эксперттерге кайрылып, интернетти казуу менен өзүңүзгө ылайык татуировка таба аласыз. - деген ойдо лайнержист (татуировка тартуучу адам) Ева.
Денеге тартылган татуировкалар өмүрүңдүн акырына чейин өчпөйт, бетке жасалган татуаж кетет, бирок ал дагы толугу менен кетпейт. Татуж тарттыруу ооруйтпайт. Сиздин денеңизди учтуу жана ысык бир нерсе менен сылап жаткандай туюлат. Кээ бир адамдар өтө сезимтал келишет, ошондуктан алар үчүн оорууну басуучу дарылар колдонулат. Бул гель же спрей болушу мүмкун. Татуировка жасабоого бир гана негиз бар, бул “гемофилия” же кандын жакшы токтобошу.
Еванын айтымында, татуировка аркылуу кандайдыр бир ооруну жуктуруп алуу коркунучу өтө аз.
- Гигиеналык жактан алганда бардык профессионалдар жана анын ичинде биздин салон кварц колдонот. Аппараттар стерилдүү, чеберлер кол кап кийип иштешет. Бир жолу колдонулчу ийнелер колдонулат. Шейшептер да дайыма алмаштырылат,- деп өзгөчө басым жасады Ева.
Ал эми татуаждын баасына токтолсок, каштын татуажы 1500 сом. Көздүн кошкатын тартуу 1500 сомдон баштап өйдө, себеби кошкат тартуу кыйыныраак. Айрымдар түрдүу макияждын формасын талап кылышат көздүн татуажында түрдүү боекторду колдонсо болот. Анын эч кандай зыяны жок, бул жерде дененин үстүртөн тилүүнүн ыкмасы колдонулат.
Учурдагы татуждын дагы бир өзгөчөлүгү тууралуу Ева мындай дейт:
- Татуаж учун атайын боектор колдонулат. Көркөм татуировка үчүн башка боектор колдонулат. Азыр жаштар дискотеканы абдан жакшы көрүшөт, мына ушулар үчүн атайын неон нурунда жылтылдай турган татуажды тартабыз.
Купальниктер
Ар бир адамдын дене түзүлүшү ар кандай, ошондуктан купальниктерди тандоодо жалпы фрмула жок. Ошентсе да купальник денеңизди кыспашы керек. Сууга түшкөндө ал албетте жайылат, бирок тар купальниктер денени абдан жаман кылып көрсөтөт. Купальникти тандап жатканда бир нече купальникти алып туруп, аларды кийип көрүнүз. Аны кийип алып басыңыз, отуруп көрүңүз.
- Азыр белден ылдый отурган плавкалар модада, алар мага өтө жакпайт. Ошол эле формадагы джинсыларга мамилем жаман. Бирок мода өзгөрөт да, белде отурган купальниктерге да мода кайра келет. Бирок мен купальниктерди заводдон чыгарбайм да, мен ар бир адам менен өзүнчө иштейм. Ошол себептен ар бир адамдын дене түзүлүшүнө карай өзүнчө купальник тигем,- деп өзүнүн өзгочө көз карашын билдирди купальниктердин белгилүү дизайнери Игорь Яровенко.
Игорь тиккен купальниктердин баасы 1000 сомдон 6000 сомго чейин. Анткени ал ар бир адамдын тулку боюн эске алуу менен иштейт.
Игорь Яровенкодон дагы бир баалуу кеңеш:
- Купальник тиккен фирмалар стандарт фигурага тигишет. Бирок стандарттуу дене түзүлүш жок да. Анын үстүнө биз Азияда жашап жатабыз. Дүкөндө турган купальниктер европейкалар үчүн. Мына ошондуктан купальникти дүкөндөн сатып алуу – акылга сыйбаган иш! Белден ылдый отурган купальниктер бутту кыска кылып көрсөтөт.
Чабак урууну билбегендерге
“Карвен” клубуну сууга түшүү боюнча инструктору Андрей Ваиловдун пикиринде биздин өлкөдө бассейндердин аздыгынан сууга түшкондү билбегендердин саны абдан көп. Андрей Вавилов сууда сүзүүнүн бир нече ыкмаларына токтолду: :
- Биз негизинен “Төш кроль» стилинде сүзүугө үйрөтөбүз. Баланын бети суунун астында, денеси горизонталдуу түрдө, эки колу жана буту ирети менен иштейт. Биричиден, суунун устундо дем алып, суунун астында демди чыгаруу керек. Бул көнугүүнү 5-6 жолу кайталоо жетиштүү. Экинчиси, “кроль” стилинде сүзүү, бирок буттардын гана жардамы менен. Биз бул үчүн тактайды алып, суунун үстүндө абаны жутуп, суунун астында абаны чыгарабыз, жалаң буттар менен иштейбиз.
Күнгө кактануунун эрежелери
Терапевт Тамара Сыдыкбекова күнгө кактануунун бир нече эрежелерин айтып берди:
- Биринчиден, эртең мененки саат жетиден он бирге чейин жана кечки бештен жетиге чейинки күндүн нуру зыянсыз. Ошол эс алууга акырындык менен күндөн-күнгө 5 минутадан кошуш керек:1-күнү 5 мүнөт, 2-күнү он мүнөт. Ал эми кара адамдар ак адамдардан айрымаланып, күндүн нурун алууда «меланома» оорусуна аз чалдыгышат Теринин рак оорусу күнгө көп какталуудан, меланома оорусунан келип чыгат.
“Азаттык+” программасынын жайында кайда эс аласыңар деген суроосуна сурамжылоого катышкандардын 99% “Ысыккөлдө эс алабыз” деп жооп беришти.
“Талкуу” рубрикасынын катышуучусу Айбек Акматовдун пикиринде аштардын эс алуусун өздөрүнө керектүү, пайдалуу кылып өткөрүү керек.
- Мамлекет тарабынан бир курултай уюштуруп, ал курултайга ар кандай мекемелерден ар кайсы кесиптеги адистер чакырылат. Ал эми студенттерден резюме талап кылынат. Адистердин талаптарына жооп берген студенттер мекемелерден стажировкадан өтүугө мүмкүнчулүк алат. Мындай учурда студенттерге жайкы эс алуу жөн гана эс алуу болбостон, келечектеги кесибин жакшы өздөштурүүгө шарт түзүлөт,- деди Айбек Акматов.
Экинчи тарап Улар Акматов болсо Айбекке каршы оюн айтты:
- Кыргызстанда студенттердин санына караганда окуучулардын саны көп. Студенттер социалдык жактан жетилип калгандыктан, өздөрүнүн маселесин өздөрү чече алат, ал эми окуучулар 18ге чейинки жашта болгондуктан, маmлекет аларга көнүл бөлүшү керек. Эгер кандайдыр бир фонд ачылса, ал, эс алууга шарты жок окуучуларга жардам кылганы туура.