21-январь күнү жаңы эле Парижден Москвага учуп келген Манана Асламазян аэропорттогу текшерүү маалында канча акчаңар бар деп сураганда жанындагы 10 миң евросун алып чыгып көрсөтүп, ошол жерден дароо кармалган. Орусиянын мыйзамдары боюнча, чек арадан 10 миң АКШ долларына чейинки акчаны декларация толтурбай эле алып өтсө болот, Манананын күнөөсү доллар менен евронун ортосундагы айырмачылыкты эске албай декларация толтурбай калганында болгон. Москвалык укук коргоочулардын айтымында, мындай учурда анын айыбы административдик иш катары каралып, белгиленген өлчөмдө айыппул төлөп кутулушу керек эле. Бирок бул ирет андай болбой, Манана Асламазянга “акча контрабандасы” деген кине боюнча кылмыш иш козголуп, апрель айында Орусиянын ички иштер министрлиги ал жетектеген Билимдүү медиа корунун кеңсесин тинтип, документтерин алып кетип, банктагы эсептери тоңдурулду. Манана өзү апрель айынан бери Парижде жашап атат, бейшембиде ал билдирүү таратып, Орусиядагы ишмердигин убактылуу токтотуп, эл аралык уюмга жумушка орношуп жатканын маалымдады.
- Бул окуя акыры жакшылык менен бүтөт деп үмүт кылам. Азыр болсо жашоого акча табышым керек. Орусияда мага иш табыш кыйын. Фонд жабылып атса, соңку окуялар, жеке менин тегерегимдеги түрдүү сөздөрдөн улам кыйын болот ко. Азырынча тыныгуу алып, Эл аралык Интерньюс уюмунан түшкөн сунушту кабыл алып, чет өлкөдө иштеп турмак болдум. Бирок биздин Москвадагы фонд кайра ачылса, качан болбосун кайтып барып иштөөгө даярмын.
Манана Асламазян “Азаттыктын” орус кызматы менен телефон аркылуу маектешип ушуларды билдирди. Жаңы кызматында ал Америка, Азия, Африка, Европаны кыдырып иштей турганын, бирок Орусиянын жараны катары тиешелүү салыкты өз өлкөсүнө төлөп, жеке өзү кетирген калпыстык канча жылдан бери активдүү иштеп, пайдалуу иштер жасап келаткан коомдук уюмдун жабылышына себеп болбошу керек деген соттун адилеттүү чечимин күтө турганын кошумчалады.
Орусияда журналисттердин кесиптик сапатын жогорулатууга чоң салым кошуп келаткан уюмдун жетекчисине каршы козголгон кылмыш ишти, ал жетектеген бейөкмөт уюмга каршы чабуулду токтотууга үндөп 1 жарым миңдей журналист кол койгон кайрылуу кат президент Путиндин жардамчыларына тапшырылды. Москвалык укук коргоочулар Манана Асламазянга каршы ишти Кремлдин бейөкмөт уюмдарга каршы чабуулунун уландысы, саясий кысым катары баалашууда.