Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

7:00 Парламентте бүгүн ЖК кызматкеринин чет элдик тыңчыга жашыруун маалымат берген деген шек менен кармалышы боюнча маселе козголушу ыктымал


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чет элдик чалгынчыга жашыруун маалымат берип жаткан жеринен бир мамлекеттик кызматкер кармалганын, аны менен кошо чет өлкөлүк жаран да камакка алынганын кечээ кечке жуук кабарлаган. Маалыматта бул кызматкердин аты-жөнү, кайсы мекемеде иштээри айтылбаганы менен кийинчэрээк анын Жогорку Кеңеште иштээри белгилүү болду. ЖК төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев кармалган жаран Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында иштээрин, бул окуя боюнча парламенттик иликтөө жүргүзүлөөрүн билдирди:

- Жогорку Кеңеш ачык, эң бир демократиялуу болгондуктан бизде жашыруун маалыматтар өтө эле сейрек болот. Кармалган кызматкер ЖКнын басма сөз кызматында иштейт экен, менимче анын андай жашыруун маалыматтарга деле колу жете бербесе керек. Бул боюнча биз дагы кызматтык иликтөө жүргүзөбүз.

Азырынча бул жаран кайсы өлкөнүн тыңчысына маалымат бергени ачыктала элек. (SM)

XS
SM
MD
LG