Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

ПОЛЬШАДА КӨЧМӨН ЭЛДЕРИНИН МАДАНИЙ ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул күндөрү Польшанын Вроцлов шаарында көчмөн элдердин, өзгөчө, Боброр Азия элдеринин маданиятына тийиштүү кызыктуу иш-чара өтүп жатат. 19-июндан 24-июнга чейин өтчү маданий окуяларда Борбор Европада жашаган борбор азиялыктар, ар кайсыл мамлекеттен маданият ишмерлери 10 миңге жакын элге көчмөн элдердин маданиятын, каада-салттарын таныштырышат.

Борбордук Европада көчмөн элдеринин маданиятына багышталган мындай алкактагы иш-чара азырга чейин боло элек болчу. Алгачкы ирет быйыл аны Польшадагы Вроцлов шаардык бийликтери жана шаардык музей өткөрүп жатат. Ошол музейдин жетекчиси Мачек Тсински “Азаттыкка” билдиргенге караганда, иш-чаранын башкы максаты – Борбор Азияда жашаган элдердин жашоо турмушу менен жакындан таанышуу.

- Менин жеке пикиримче, биз Польшада Борбор Азияда жана Азиянын башка аймактарында отурукташкан айрым элдердин жашоо турмушу тууралуу дээрлик эч нерсе билбейбиз. Биз Кытай, Тибет, Жапония тууралуу аз-маз билгенибиз менен, мисалы, Казакстан, Тува, Монголия тууралуу эч кандай түшүнүгүбүз жок. Андыктан, менимче, ал элдердин күнүмдүк турмушуна тиешелүү ар кайсыл жактарды Польшада элге көрсөтүү өтө маанилүү иш, - дейт Трсински мырза.

Маалыматтарга караганда, Вроцловдо бир топ боз үй тигилген, күрөш, ат чабыш жана жаа атуу боюнча таймаштар өтөт.

- Мисалы, бүгүн музейде Монголияда үч ай жашап келген польшалыктар ал мамлекет жана анын элдери тууралуу дарс окушту. Кечээ кечинде болсо “Акыркы шаман” деген тасманы көрсөттүк. Жалпысынан, биз бул маданий иш-чарага байланыштуу бүт иштерди үч негизги жерде өткөрүп жатабыз: мурда көчмөндөр жашаган кең аймакта боз үйлөр кигилген, ал жерде оюндар, кеңири иш-чаралар өтөт, шаардык музейде түрдүү лекциялар окулуп, пикир алмашуулар болот жана кинотеатрда күндө кечкисин Борбор Азиялыктардын каада-салттарына, маданиятына тиешелүү тасмаларды көрсөтөбүз, - деди Вроцлов шаардык музейинин директору, бул иш-чаранын негизги уюштуруучусу Мачек Тсински.

Айта кетүүчү жагдай, бул иш-чарага Прагадан да борбор азиялык ансамбль катышып жатат. Анын катарында биздин кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан да бар. Польшадагы маданий иш-чара тууралуу жакынкы күндөрдөгү берүүлөрүбүздөн кабарчыбыздын өзүнөн да кеңири угууга мүмкүнчүлүк болот.
XS
SM
MD
LG