Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

ЧОЛПОНАТА ЫСЫККӨЛ ОЮНДАРЫНА ДАЯР, КАРАКОЛ СПАРТАКИАДАГА ДАЯР ЭМЕС


Өкмөт үйүндөгү жыйында Чолпоната шаары эл аралык Ысыккөл оюндарын жетинчи ирет өткөрүүгө даяр экени айтылып, ал эми Каракол шаары Кыргызстандын бешинчи Спартакиадасын өткөрүүгө камылгасы начар экени сынга алынды.

Мындан 7 жыл мурда эл достугуна данакер болсун деген жакшы тилек менен уюшулган Эл аралык Ысыккөл оюндары быйыл Чолпонатада жетинчи ирет өткөрүлүүгө камылгасы шайма- шай экени айтылып, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн командалары келээри белгиленди. Эл аралык Ысыккөл оюндарына эмгекчилерден сырткары олимпиадалык түрлөр да кошулса деген тилек- сунуштар да айтылды. 4- сентябрдан 15- сентябрга чейин боло турган бул Ысыккөл оюндарын өткөрүүгө казынадан 2,5 млн сом бөлүнүүдө.

Бул Ысыккөл оюндары спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлүп, 35 жаштан жогорку ар кыл кесиптеги спорт ардагерлери катышат.

Өкмөттүн жыйынында Каракол шаарынын өлкөнүн 5- спартакиадасына даярдыгы сынга алынды.

-Мындан үч жыл мурда Спартакиаданы өткөрүү эстафетасын алган Ысыккөл облусу даярдыкты бир- эки ай калганда баштабай, спорт имараттарын мурда ремонттоп, камылга көрүүсү зарыл болчу, аракет кылып мөөнөтүндө өткөрүү маселеси каралсын,- деди вице-премьер-министр Досбол Нур уулу.

Шерне сыяктуу ар бир облус катары менен эки жылда бирден өткөрүп келаткан Спартакиаданын эки миңге чукул катышуучусун Каракол шаары кабыл алууга чамасы жетпей турганын, борбордук стадион даяр эместигин Ысыккөл облусунун губернаторунун орун басары Калыбек Алышбаев билдирди.

Талас областтык спорт комитетинин төрагасы Шаршенбек Конгантиевдин пикиринде ушул Спартакиаданын шылтоосу менен облусттук спорт жайларын калыбына келтирип, ондоп- түздөп алуусу зарыл болчу.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов дагы бул пикирди колдоп, өлкөдөгү спорттун деңгээлин көтөрүүдө Спартакиаданын мааниси зор. Туризмдин чордону болгон Ысыккөл облусу 2 мин спортчуну кабыл алууга шартыбыз жок дегени уят, деди Мурат Саралинов.

Спартакиаданы уюштуруу маселелери талкууга алынып, Караколдун стадионун ремонтоо үчүн каражат бөлүү Каржы министрлигине милдеттендирилди.

Ошентин спорттун 14 түрү боюнча 5-Спартакиада 5- августтан 11-августка чейин Каракол шаарында өткөрүлмөк болду. Баш байгени жеңген командага 120 миң сом, экинчи орунга 100 миң, үчүнчү орунга 80 миң сом сыйлыктар белгиленди.

Эл аралык Ыссыккөл оюндарын жана 5-Спартакиаданы уюштуруу тобунун жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында Караколдо Спартакиаданы кийинки мөөнөткө жылдырууга негиз жок, алар намысты колго алып өткөрүүгө аракет кылуусу зарыл.

Караколдо сууда сүзүү бассейини болбогондуктан суучулдардын мелдеши Бишкекте өткөрүлмөк болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG