Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Ооганстанда талибдер тактикасын өзгөрөтөт


Талибдер тактикасын өзгөртүп, эми кол салууларды башкалаа Кабулда уюштурууга басып жасайт. Бул тууралуу Талибандын өкүлү Забибулла Мужахид "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына дареги айтылбаган жерден телефон аркылуу берген интервьюсунда маалымдады. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жанкечтилердин чабуулун алдын алуу үчүн Кабулду башка аймактар менен туташтырган жолдордо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Ооганстандагы аскерий стратегиясын өзгөртпөсүн, бирок жергиликтүү коопсуздук күчтөрү менен кызматташтыкты жакшыртарын НАТО да билдирди. Бул аралыкта бүгүн өлкөнүн чыгышындагы Газни провинциясында минага кабылып, НАТОнун бир жоокери каза тапты, төртөөсү жаракат алды. Ал эми Пактика провинциясында кечээги уруштарда Талибандын сегиз согушкери жок кылынып, жергиликтүү бир полицей каза тапкан.

XS
SM
MD
LG