Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

САЛАМАТ САДЫКОВА ЭЛ ДУШМАНЫБЫ?


Бүгүн жарык көргөн «Агым» гезити кыргызга «Кыргыз жерин» ырдап чыккан Кыргыз эл артисин, Кыргызстандын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисин… Кыргыздын керемет ырларын комуздун коштоосу менен созолонтуп, дүйнөнүн мен деген өлкөлөрүнө даңазалап келаткан Саламат Садыкованы кенедейинен бери иштеп келаткан Кыргыз филармониясынан «өз арызы» менен кетүүгө мажбур кылышканын маалымдады.

«Заман Кыргызстан» гезити ички миграция көйгөйүнө арналган макаласын «Бейиштин төрү Бишкектеби?» деп атап, Кыргызстандын айыл-кыштактары барган сайын жалаң гана кары-картаңдардын уясына айланып, жаштар Бишкекти көздөй агылып жатканын, учурда Бишкектеги жаңы конуштардын саны 43кө жеткенин, элдин көбөйүшү борбор шаарды улам кысып, кымбатчылыкты күчөткөнүн… Азыр муну алдын албаса Бишкек акырындык менен жарылуучу күкүрт челегине айланып баратканы тууралуу коңгуроо какты.

«Жаңы ордо» гезити менен аңгеме-дүкөн курган Жогорку Кеңештин орунбасар төрагасы Кубанычбек Исабеков колунда Ысык-Көл облус губернаторунун «бир да жер чет өлкөлүктөргө сатылган жок» деген каты турганын, бирок казактар кыргыздардын наамына жаздырып алып эле жерди сатып алып жатышканын, «Кумтөрдөн» 1 миллиард 700 миллион сомдук алтын сатылса анын он гана пайызы Кыргызстанга түшкөнүн, болгону килейген тоо жок болуп, табият бузулуп, мөңгүлөр эрий баштаганын…

Баса, Кубанычбек мырзаны дагы бир нерсе кызыктырарын, өткөндө орус президенти Путин «ТУ-154 Н» деген самолетту президент Бакиевге белекке берсе ушу кезге дейре белгисиздигин, укканына караганда президенттин самолетун жеке менчик ишкана иштетип жатканын… айтты.

Социолгодордун иликтөөлөрүнө таянсак Кыргызстан башкаларга Караганда интеграциялык демилгелер үчүн кыйла ыңгайлуу мамлекет экенин көрсөтүүдө деп жазган «Белый пароход» гезити, бир кезде Тажикстан менен Кыргызстан бир союз түзүп алып, Борбор Азия чөлкөмүндө суу-энергетика тармагы боюнча негизги ролду ойнойт экен деген демилге чыга түшүп жок болгонун, демилге ишке ашканча ырасмий Дүйшөмбүнү Шанхай алтылыгы өз бооруна тартып кеткенин, Ташкенге болсо Бишкектин ашкере либерелдашкан саясаты жакпай, ар дайым Каримовдун итиркейин келтирип турарын, анын үстүнө Өзбекстан кандай пайгамбар өлкө болсо дагы пайгамбарча сүйлөшөрүн, барган сайын байлыгына чиренген Казакстан жакыр Кыргызстанды теңине албаган текебердик менен карай баштаганын, анын үстүнө жакында Назарбаев Казакстан үчүн Кыргызстан анча деле маанилүү эмес дегендей ой таштаганын, орус туугандардын кызыкчылыгы болсо Вашингтондун Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы менен бирдей болбосо андан артык эместигин, Кремлде Кыргызстандын кадыр-баркы кыйла эле төмөндүгүн, Орусиянын кыжырына тийип келаткан- Бишкектеги Американын аскерий базасы болуп жатканын, ошондуктан орус тарап менен кандай гана сүйлөшүүлөр жүрбөсүн ал жөн гана курталаага кеткен ооздун жели болуп каларын, ал эми Кытай деген качандыр бир кездеги булуттуу көктүн астындагы, муундуу чөптүн үстүндөгү империя болуп турган кезин кайрып алсам деп эңсеп келатканын, орустар сыяктуу эле ал дагы Америка базасын же ары, же бери кыл деп Кыргызстанды жарга такарын баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG