Бул тууралуу бүгүн журналисттерге билдирген Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков али коюлуп жаткан айып далилдене электигин белгиледи. Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Рашид Тагаев бул маселе комитетте каралышы мүмкүн деп болжоду. Кызматтык сыр катары сакталган маалыматты чет өлкөлүк жаранга берип жаткан жеринен Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын өкүлү Жыпаргүл Арыкова 19-июнда кармалып камакка алынганы мурда кабарланган. Жергиликтүү маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин кызматкерине Кылмыш Кодексинин 302-беренеси боюнча кылмыш козголгондугун жазып чыкты. Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мындай маалыматты расмий тастыктаган жок. (BuS)
16:36 К. Исабеков: Тыңчылык кылды деп шектелген кызматкерге байланыштуу билдирүүнү ЖК тергөө бүткөндө жасайт