Дүйнөнүн ири мунай компанияларынын бири – Бритиш
Петролиумдун (British Petrolium) отчетунда дүйнөдө кара майдын казып алууга мүмкүн кору дагы 40 жылга жетээри айтылган. Бирок сынчылар Бритиш Петролиумдун отчету өтө эле оптимисттик экенин айтышууда.
2003-жылы Швециядагы Упсала университетинин окумуштуулары дүйнөнүн далилденген мунай кору болжолдонгондон 80%га аз экенин далилдерди келтирүү менен жазып чыгышкан эле. Алардын эсебинде, өндүрштүн көрсөткүчү эң жогорку чегине 2013-жылы чыгып, андан кийин төмөндөмөк.
Бритиш Петролиум компаниясынын мурдагы вице-президенти жана башкы геологу Колин Кэмпбелл жакында абройлуу "Индепендент" гезитине жарыялаган макаласында кезинде өз иштеген компаниянын эсептөөлөрү менен макул эместигин жазып чыкты. Анын пикиринде, арзан мунайды өндүрүүнүн көрсөткүчү эң жогорку чегине 2005-жылы эле чыккан жана мунай 2011–жылдан тарта товардын тартыш түрүнө айлана баштайт. Бритиш Петролиумдун мурдагы башчыларынын бири "Индепендент" гезитиндеги макаласында ошондой эле мунай компаниялардын жетекчилери эч качан чындыкты айтпасын, бул алар ойногон оюндун бир бөлүгү эмес экенин белгилейт.
Айтор, мунайга эң бай деген Жакынкы Чыгыштын далилденген кору канча экени бир нече жылдан бери аналитиктерди бушайманга салып келет. Себеби региондо мунай өндүрштүн борбору эсептелген Сауд Аравия өзүнүн кору жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик сыр катары сактайт.
Анткен менен Бритиш Петролиумдун отчетунда 2006-жылдын соңуна карата Сауд Арабияда мунайдын кору 264,3 миллиард баррел экени айтылат. Бул дүйнөнүн мунай корунун –30% дегенди билдирет. Бирок ошол эле учурда Саудиянын мунай кору ашыкча бааланып жатат, ал азыр өндүрүштүн эң жогорку чегинде экенин же муну мындан 25 илгээри эле багындырганын, өндүрштүн төмөндөөсү жакынкы жылдары сезилерин жазган авторлор да жок эмес.
Мунай корунун өлчөмү Орусияда да мамлекеттик сыр катары эсептелет. Бритиш Петролиумдун болжолунда, 2006-жылдын соңуна карата Орусиянын далилдеген мунай корунун өлчөмү 79,5 миллиард баррел же жалпы дүйнөлүк кордун 6,6 % түзөт.
Дегеле Бритиш Петролиум Орусиянын мунай корунун көлөмүн жылдан жылга көбөйтүүнүн гана үстүндө. 2001-жылкы отчетунда ал муну 45 миллиард, ал эми 2004-жылы 69,1 миллиард баррел деп баалаган. Ал эми башка мунай компаниялар арасында, муну 150-200 миллиард баррелге чыгарып жибергендер да жок эмес.
"Азаттыкттын" аналитиги Роман Купчинскинин пикиринде, мунай дагы канчага жетээрин божолмолдоо ишиндеги проблеманын бири-суроо-талапты орундатуу үчүн акционерлер тарабынан мунай компанияларына олуттуу кысым көргөзүлгөнүндө. Маселен, 2004 жылы дүйнөнүн үчүнчү ири мунай компаниясы - Роял Дотч Шелл (Royal Dutch/Shell) ал ээлик кылган мунай корунун өлчөмү 23 пайызга ашыкча эсептелип кеткенин жарыя кылып, дүйнөлүк базарды дүрбөлөңгө түшүргөн эле.
Адистер азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү бир чети глобалдык жылуулуктун айынан, экинчи жагы чет өлкөлүк өндүрүшчүлөргө көз карандылыгын жана улам көбөйүп баражаткан керектөөсүн азайтуу ниетинде турган кезде туура маалыматтар өтө маанилүү деп эсептешет. Анткени тобокелчилик жогору. Эгер керектөө өндүрүштөн өсүп кетсе, буга даяр эмес дүйнө туруксуз абалга кабылары шексиз.