“Акшумкар” партиясына кирген жана аларга санаалаш депутаттар Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзам долбоору күч менен, мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтып жатышат. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Эркин Алымбековдун айтымында, башта депутаттардын колдоосуна ээ болбогон бул мыйзам долбоору эреже боюнча алты айдан кийин гана каралышы керек эле. Бирок 19-июнда күн тартибине бул мыйзам долбоору кезексиз киргизилип, президенттин катышуусунда өткөн добуш берүүдө 45 депутат колдоо көрсөтүшкөн. Кийинчерээк үч депутаттын добушу туура эмес эсептелгендиги айкын болду. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков, Кыргызстандын негизги байлыгы энергетикасы менен суусу экендигин, аларды менчикке берүүгө добушун берген депутаттар келечекте тарых алдында жооп беришерине ишенерин айтат. Анын айтымында регламент боюнча ар бир депутат электрондук карточкасы менен жеке өзү добуш бериши керек. Ошентсе да Жогорку Кеңештеги добуш берүү аппараты техикалык жактан эски болгондуктан бири-бирине добуш бергендер бар.
Ал эми депутат Темир Сариевдин айтымында кептин баары депутаттардын маданиятында жатат:
- Маданиятыбызда жатып атат негизи. Бирөөнүн маданияты өйдөрөөк, бирөөлөр болсо жанагыдай өтө орчундуу жерлерге келгенде коз жумду кылып коюп атат. А регламентте ачык-айкын жазылган, эгерде депутат үчүн бирөөлөр басып койсо ал эсептелбейт.
Ошондой эле ал буга байланыштуу кандай чара көрүшөрүн да айтып өттү:
- Биз кол коюп төрагага кайрылуу жасайлы деп турабыз. Ага ошол үч депутат жок болуп 49 депутат гана болуп калган да бул чечим мыйзамсыз болуп калган. Муну жыйынга кайра алып чыгыш керек же болбосо мындай мыйзамга президент кол койбош керек.
Камбарата ГЭСтери боюнча өкмөттүн мыйзам долбоорун колдоп келаткан депутат Камчыбек Ташиевдин ырасташынча, добуш берүү учурунда бардыгы мыйзам чегинде болгон:
- Керек болсо ошол үч депутаттын добушун алып салган күндө деле кырк эки добуш менен өткөн болот. Себеби бул мыйзамдын долбоору кырк беш добуш менен өткөн. Ошондуктан бул мыйзам жөнүндө айтканда эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Ал эми парламентте добуш берүүдө жанагыдай болуп эле келатат. Мурда деле ушундай болуп келиптир, бири-бирине добуш бермей, мен жокто сен добуш бер, сен жокто мен добуш берейин деген мамилелер болуп келген экен.
Мыйзам долбоорун жактап ошол күнү парламентке президент да келген эле. Ал депутаттарды көп эле кооптоно бербөөгө, энергетика менен суу байлыгы башка бирөөлөргө жөн эле карматыла бербесин, андайга жол берилбей турганын айткан.
Ошентсе да айрым саясатчылар Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзам долбоорун президент күчкө салып кабыл алдырганын, эң жогорку тепкичтерде отурган айрым адамдар азыртадан бул ГЭСтерден үлүш алып коюуну көздөп жатышканын айтышууда. “Асаба” партиясынын тең төрайымы Роза Отунбаеванын пикири буга үндөш:
- Мына президент Камбарата ГЭСтери боюнча күчкө салып алдырды. А ошол эле убакта конституциялык реформага эч аракети жок экендигин көрүп атабыз. Ошол ГЭСтерге азыртадан эле өздөрүнүн үлүшүн киргизип алганга аракет кылып атышаn.
Эми добуш берүү туура эмес өткөндүгүнө, регламенттин бузулганына нааразы болгон депутаттар төрагага кат жүзүндө кайрылып, маселеге кайра кайрылууну талап кылышмакчы. Серепчилердин баамында эми андан майнап чыгышы күмөн.