Талас шаарында бүгүн тегерек үстөлдө диний ишмердүүлүктү иретке келтирүү жана сыйынуу эркиндигине кепилдик берүү маселелери талкууланды. Тегерек үстөлдө бардык диний өкүлдөрү катышканы менен көбүнчөсү исламий багытында сөз болду. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ар кандай экстремизмге чакырган баракчаларды акыркы кезде айрым дин өкүлдөрү таратып жаткан фактылар көп кездешкенин айтып, бирок көп учурда мыйзам чийки болуп, аларды кармоого укуктук негиз жок болуп жатканын билдиришти. Кармалган баракчаларды Мамлекеттик дин агенттигинин өкүлдөрү гана текшерип экстремизм багытында жазылган, же жок деп жыйынтык чыгарышат. Тегерек столго катышкандар мындай эксперттик топту ар бир облуста түзүш керектигин айтышты. (UA)