Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

ИРАН ТАЛИПТЕРГЕ ИРКЕКТЕШ ДЕГЕНГЕ КАРЗАЙ ИШЕНБЕЙТ


Ушул айдын баш ченинде АКШ мамлекеттик катчысынын орунбасары Николас Бернс ооган жериндеги ар кошкон козголоңчуларга Иран жалданма лашкерлерди тымызын жардамга жөнөтүп, буга кошумча аларды курал-жарак менен жабдып жатканын, Вашингтондун колунда мунун тандырбас далилдери бар экенин айткан эле. Бирок ооган президенти Хамид Карзай мындай кептерди четке каккан. Иран өкүлдөрү да Вашингтонду айыптап, коңшулаш эки өлкөнү кайраштыргысы келип жатканын белгилешкен. Деген менен айрым байкоочулар мындай кабарлардын чындыгы болушу мүмкүн дешет.

Ооганстандын чекара аскерлеринин колбашчысы полковник Рахматулла Сафи мындан эки-үч күндөй мурда эле Иран тараптан куралдуу 20 киши өтүп келгенин айткан эле. Бу кошумчалап ал журналисттерге иран тараптан чыккан аскери эки машина да чекарадан өткөнүн, жакындагы уруштарда иранда жасалган куралдардын кампасы табылганын, дегеле Иранга чектеш аймактарда соңку кездерди козголоңчулар өзгөчө активдеше баштаганын билдирген эле. Колбашчыга шилтеме жасап, мунун баарын DPA жана башка агенттиктер жазып, жергиликтүү телеканалдар кабарлап чыкты эле, Сафи дароо пресс-конференция чакырып,коомчулукка таркатылган бу маалыматтар азыр териштирилип жатканын,ошондон соң гана ак же көк деп тыянак чыгарса болорун эскертип, мурдагы айткандарын танып кетти. “Бизге болгону ушундай аңырт кабарлар гана жеткен, мунун баарын өз көзүбүз менен көргөн эмеспиз.Текшерип көрүүнү табыштасак,биздин чалгынчылар эч кандай шек-шыбаа байкалбаганын айтышты”,- деди ооган полковниги.

Талиптерге Тегеран жардамдашып жатыптыр дегенди президент Хамид Карзай да четке какты. “Бизде муну ырастаган эч кандай танык-далил жок,Иран өкмөтү менен жакшы мамиледебиз. Ооганстан менен Ирандын достугу эч качан азыркыдай болгон эмес”,- деп айтты Карзай.

Жакында Кабулда болгон кезде Пентагондун башчысы Роберт Гейтс да Вашингтон болгону талиптер колдонуп жаткан куралдар иран тараптан келиши ыктымал деп гана шектенет,бирок муну тастыктаган так фактылар жок экенин моюнга алган.

Тегеран өткөн аптанын этегинде булардын баарын кескин апазда четке кагып, Вашингтонду коңшулаш эки өлкөнү кайраштырыгысы келип жатат деп айыптады.

Согуш жана тынчтык кабарлары институтунун ооган бөлүмүнүн директору Жин Маккэнзинин айтымында,Карзай жана анын өкмөтү Иран менен дипломатиялык мамилесин бузгусу келбей,чекара тоомундагы окуяларды атайылап жымсалдап жаткан болушу да мүмкүн. Хамид Карзай ушу азыр өтө кыйын абалда турат, дейт Маккэнзи. Ооганстандын өзүндө аны туш жактан жабыла сынга алып жатышат, өкмөттөгүлөрдүн көбү аны колдобойт,жаңы түзүлгөн саясий фронт аны кызматтан алгысы, мүмкүндүгү келсе атүгүл төңкөрүш жасап,бийликтен кулаткысы келет. Анын Пакистан менен да мамилеси жакшы эмес. Андыктан ички-тышкы душмандарын көбөйткүсү келбей,Тегеран менен алакасын мүмкүн болгуча сактап калганга умтулуп жатат,дейт Маккэнзи.

XS
SM
MD
LG