Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, эң көп упай топтогондор бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Тестирлөөдө эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгон болжол менен элүү бүтүрүүчү “Алтын сертификатты” ала алат. Бул сертификат каалаган окуу жайга бюджеттик бөлүмгө сынаксыз өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. ЖОЖго тапшыруу үчүн бүтүрүүчүлөр кеминде 110 же андан жогору балл алышы керек. Бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары бүгүн кечинде айтылат. (ZMa)