Быйыл бул күн “Биз маңзаттарга каршыбыз” деген ураандын алдында өтөт. Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинен билдиришкендей, бул күнгө карата эл араылк жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен республика боюнча иш чаралар өтөт. Ушул күндөрү Бишкекте футбол боюнча турнир өтүүдө, дүйшөмбү күнү Чүй облустунун Карабалта шаарында парашютчулардын секирүүсү болот. Ошол эле күнү “ЭлТР” телеканалында түштүк региондо маңзаттарды айлантууга каршы күрөш боюнча тегерек үстөл жыйыны өтөт. Ал эми 26-июнда Ысыккөлдө Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскерий-спорттук командаларынын биринчи эл аралык жыйынынын ачылыш аземи болот.
Дүйнө мамлекеттеринде бул күн жыйырма жылдан бери белгиленип келатат. (MSu)
Дүйнө мамлекеттеринде бул күн жыйырма жылдан бери белгиленип келатат. (MSu)