Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

11:50 “Дарыгердин депозити” программасы кичи шаарлардагы жана айылдагы доктурлар үчүн


Премьер-министр Алмаз Атамбаев “Кыргызстанда дарыгерлерди мамлекеттик мекемелерде кармап калуу чаралары боюнча” токтомго өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү гана эмес, элет жерде иштеп жаткан доктурлар да “Дарыгердин депозити” программасына катыша алат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда алыскы райондордо жана кичи шаарларда медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги курч көйгөйгө айланды. Ал эми иштеп жаткан дарыгерлердин көбү айлык-акы төмөн болгондуктан жумушун таштап чет жакка кетип жатат. “Токтомго ушундай өзгөртүү киргизүү менен биз бүтүрүүчүлөрдү гана айыл жерине тартпастан, ошол жерде иштеп аткан доктурларды да кармап калуу максатын коюп жататабыз”,-дейт М. Каратаев. Дарыгердин депозити” программасы 2006-жылы иштеп баштаган, бирок ал күтүлгөндөй жыйынтык берген жок. Расмый маалыматтар боюнча, бул программага катышуу үчүн жалыпысынан жыйырмага жакын бүтүрүүчү менен келишим түзүлгөн. (MSu)

XS
SM
MD
LG