22-июнда шаардын эки тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылышып, 2005-жылы №25 жаза өтөө мекемесининде иштеген Б.Качкынбаевге карата чара көрүүнү суранышты. Ички иштер министринин басма-сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, Ош шаарынын №25 жаза өтөө мекемесинин жетекчисинин орун басары Б. Качкынбаев абакта отурган 45 жаштагы А. Дүйшөнбаев жана 50 жаштагы В. Сабиржановду бошотом деп, алардын туугандарынан 6миң 600 доллар алган. Бирок ал сөзүнө турбаган соң, туугандары акчаны кайтарып берүүнү суранышкан.
Маалыматтарга таянсак, абакта отургандардын бирөөсү 11 жылга, экинчиси 13 жылга эркинен ажыратылган. Учурда бул ишти Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тергөөдө. (MSu)
Маалыматтарга таянсак, абакта отургандардын бирөөсү 11 жылга, экинчиси 13 жылга эркинен ажыратылган. Учурда бул ишти Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тергөөдө. (MSu)