Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

14:32 А. Атамбаев: Бюджетке түшкөн кошумча киреше 3 млрд. сомго көбөйүшү күтүлүүдө


Премьер-министр А. Атамбаев катышкан жыйында өкмөт мүчөлөрү “2007-жылга карата Республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” тууралуу маселени карады. Премьер-министр экономикада болуп жаткан кыйынчылыктарга карабастан, бюджетке кошумча киреше келиши күтүлүп жатканын айтты. “Биз бюджетке кошумча үч миллиард сом киреше түшөт деп күтүп жатабыз. Буга чейин бюджет бир миллиард 975 миллион сомго көбөйөт деп болжолдогонбуз. Бирок бир катар министрликтерге суроолор бар. Мисалы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин жаңы төрагасы ишти жандандырып, өткөн жарым жыл ичинде бюджетке 107 миллион сом келет деп күткөн элек. Бирок азырынча болгону отуз тогуз миллион миллион сом түштү. Мындай болбошу керек эле. Андыктан мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети бул ишти ашыгы менен аткарышы керек”,-деди премьер-министр. Бюджетке түшө турган кошумча киреше ШКУнун саммитин өткөрүү үчүн жумшалат. “Биз бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек. Андыктан бул үчүн 450 миллион сом сарпталат”,-деди Алмаз Атамбаев. Мындан сырткары 200 милион сом мектептерди калыбына келтирүү жана жаңы окуу жылына орто мектеп куруу иштерине жумшала тургандыгы маалым болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG