Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

16:29 Нарында Як-40 учагы күтүлбөгөн себептерге байланыштуу дароо жерге конууга мажбур болду


Окуя бүгүн болжол менен саат 12ге жакын болгон. Чукул кырдаалдар министрлигине таандык Як-40 учагы 10.51де он үч адам менен Ысыккөлдөгү Тамчы аба майданынан Нарын тарапты көздөй учкан. Нарындагы аба майданына жетээрдин алдында учкучтар менен байланыш жоголгон. Саат 11.00до учак дароо жерге конууга мажбур болгондугу маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учактын эки кыймылдаткычы иштебей калган. Курман болгондор жана жапа чеккендер болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алишер Ташматов билдирди. Президент Курманбек Бакиев окуя тууралуу ошол замат маалымдалды жана анын себептерин иликтөөнү өкмөткө тапшырды деп билдирди президенттин басма сөз кызматы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG