21-июнда кечки саат тогуз ченде Военно-Антоновка айлындагы райондук ооруканага уулануу менен үч адам түшкөн. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, 58 жаштагы А.Рахимов, 21 жаштагы А. Хамдамова жана 3 жаштагы А.Рахимова куурулган эттен ууланган. Уулангандардын айтуусунда, бул эт Лейлектен алынып келинген. Уулануунун себебин дарыгерлер, эт ысык күндө бузулуп кеткендиги менен байланыштырышууда. (MSu)