Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун билдиргени боюнча, таймашуулар спорттун 15 түрү боюнча өтөт. 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин өтө турган бул иш чарага Борбор Азия мамлекеттеринен, Россиянын 30 регионунан коноктор келиши күтүлүүдө. Ал эми 5-августта Ысыккөлдүн Каракол шаарында Кыргызстандын V Спартакиадасы өтөт. (MSu)