Мындай демилгени Каржы министрлиги көтөрүп чыкты. Аталган мекеменин басма-сөз кызматы кабарлагандай, доллар жана сомдук эсеп банктагы эсепке түшкөн каражатты ирээттештирүү максатында ачылды. Каражаттын өз максатында жумшалышына көзөмөлдү жарандык коомдун, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган Байкоочу кеңеш жүргүзүп турат.
Кыргыз бийлиги ХИПК программасына кирбөө чечиминен улам өлкөнүн тышкы карызынын жүгүн жеңилдетүү максатында Улуттук банкта элдик эсеп ачуу чечими кабыл алынган. Учурда өлкөнүн мойнундагы тышкы карыз 2 миллиард доллардын тегерегин түзөөрү айтылууда. (MSu)