Долбоор “Жаштардын укук коргоо тобу” тарабынан ишке ашууда. Аталган уюмдан Назгуль Турдубекова билдиргендей, өлкөдөгү сот органдарына семинар өтүү үчүн четтен атайы эксперттер чакырылган. Алалы, Орусиядагы Биринчи каналдын “Федералдык судья” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Сергей Пашин, М.Ходорковскийдин адвокаты Карина Москваленко өткөн апта көл кылаасында судьялар үчүн семинарлар өткөрүштү. Ушу күндөрү болсо адам укугун коргоонун эл аралык стандарттары боюнча семинарлар прокурорлор үчүн өтүүдө. Долбоор Сорос корунун колдоосунда жүзөгө ашып, келе жаткан аптада жыйынтыкталат. (ElenK)