Бул тууралу Азаттыкка “Жебе” жаштар кыймылынан Элегия Мусаева билдирди. Анын айтымында парламент энергетикалык маанилүү стратегиялык байлыктарды колдон чыгаруучу мыйзамдарды кабыл алып жатышына жаштар уюмдары нааразы. Андыктан, ушул бейшемби күнү Жогорку Кеңеш алдында “Жебе” акция өткөрөт. Ага “Келкел”, “Ак шумкар”, “Бакдөөлөт” өндүү жаштар уюмдарынан өкүлдөр катышуу алат. (ElenK)