Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

15:04 Нарында Як-40 учагынын мажбур конушуна байланыштуу өкмөт башчы чукул жыйын өткөрдү


Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учак мажбур конуп, 9 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү учактан өз алдынча чыгып кеткен. Бир аз өтпөй эле учак толугу менен күйүп кеткен. Эки адам Б. Садыков жана А. Эмрулов жеңил жаракат алгандыгы тууралуу маалымдалды.

Окуя кечээ болжол менен саат 12ге жакын болгон. Чукул кырдаалдар министрлигине таандык Як-40 учагы 10.51де он үч адам менен Ысыккөлдөгү Тамчы аба майданынан Нарын тарапты көздөй учуп бараткан. Нарындагы аба майданына жетээрдин алдында учкучтар менен байланыш жоголгон. Саат 11.00дө учак дароо жерге конууга мажбур болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учактын эки кыймылдаткычы иштебей калган. Учакта экипаж мүчөлөрүнө тышкары авиаишканалардын жетекчилери бар болчу. Алар регионалдык аэропорттордун абалы менен таанышуу максатында учушкан. Топтун Ысыккөл областынын Тамчы айылында, Нарындагы жана Жалалабат областынын Казарман айылындагы аба майдандарына баруусу каралган экен. Бүгүн эртең менен окуяны териштирүү үчүн транспорт прокуратурасынын, авиация департментинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Нарынга жөнөп кетти. (MSu)

XS
SM
MD
LG