Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык ЯК-40 учагында экипаждын 5 мүчөсүнөн тышкары, “Манас” акционердик коомунун президенти Бактыбек Сыдыков, ушул эле ишкананын вице-президенттери Чайка Керимбаев, Эрик Акматов, Кыргызаэронавигациянын директору Шакир Жангазиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаментинин жетекчиси Алик Эмрулов, “Авиатрафик” авиакомпаниясынын директору Карим Дамин, “МАМ” акционердик коомунун аэродромдорду эксплуатациялоо боюнча инженери Елена Бабак, Жарандык авиация департаментинин директору Алик Аскаров жана "МАМ" акционердик коомунун пресс-катчысы Стамалиева Т. бар экендери такталды. Акыркы маалыматтар боюнча, учакта бараткан эки жүргүнчү жеңил жаракат алган. Б. Сыдыков чыканагынан жаракат алган, ал эми А. Эмруловдун оң буту тилинген. Саламаттык сактоо министрлигининин басма-сөз катчысы Елена Баялинованын айтымында, бул авиаокуядан кийин катуу жаракат менен ооруканага бир да адам кайрылган жок.(MSu)