Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ЯК-40 УЧАГЫ КЫРСЫКТАП, КОНГОНДОН КИЙИН КҮЙҮП КЕТТИ


24-июнда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде чукул жыйын куруп, Нарын облусуна учуп бараткан жолдо аргасыз конууга мажбур болгон ЯК-40 учагына байланыштуу маалыматтарды укту. Өзгөчө кырдаалдар министри Туратбек Жунушалиев премьер-министрге окуя тууралуу акыркы маалыматтарды билдирди. Ага ылайык аты аталган министрликке таандык ЯК-40 маркасындагы учак Ысыккөлдүн Тамчы аба майданынан Нарынга карай учуп, жолдо эки кыймылдаткычы иштебей калыгандыктан чукул конууга мажбур болгон. Тогуз жүргүнчүсү менен экипаждын беш мүчөсү толук сыртка чыгып кеткенден кийин учак күйүп кеткен.

23-июнда регионалдык аба майдандардын абалы менен таанышуу максатында Кыргызстандын авиаишканаларынын жетекчилери чогуусу менен бир учакка түшүп алып Ысыккөлдөн Нарынды көздөй баратып кырсыкташкан. Буга байланыштуу өткөн өкмөттүк жыйында анык болгондой ЯК-40 маркасындагы учактын үч кыймылдаткычынын экөөсү иштебей калып, Каракужур айыл өкмөтүнүн аймыгына келгенде дароо конууга мажбур болгон. Премьер-министрдин маалымат катчысы Эрмек Козубеков, бул окуя тууралуу төмөнкүдөй акыркы маалыматтарды берди:

- Акыркы маалыматтар боюнча Каракужур өрөөнүндөгү аргасыз конуу үч кыймылдаткычтын экөөсүнүн иштебей калганына байланыштуу болгон. Учактын тогуз жүргүнчүсү менен экипаждын беш мүчөсү олуттуу жаракат алган эмес. Учак конгондон кийин ичиндегилер өздөрү чыгып кетишкен. Бир аздан соң учак күйүп кеткен. Анын күйүп кетишине конуу жайынын тардыгы себеп болгон. Анда бөтөн жүргүнчүлөр болгон эмес. Бортто экипаждан тышкары авиаишканалардын бир топ жетекчилери болгон. Бул окуяны текшерүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Учакта экипаждын беш мүчөсүнөн тышкары “Манас” акционердик коомунун президенти Бактыбек Сыдыков вице-президенттери менен, Кыргызаэроновигациянын директору Шакир Жангазиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаментинин жетекчиси Алик Эмрулов сыяктуу кыргыз авиациясынын анабашчылары болгон. Аргасыз конуу учурунда Б.Сыдыковдун чыканагы кокустап, А.Эмруловдун оң буту тилинип кеткени болбосо олуттуу жабыркагандар болгон эмес. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинованын айтымында, бул кырсыктаган учактын жүргүнчүлөрүнүн бирөө да жергиликтүү жана шаардык ооруканаларга кайрылышкан эмес:

- Кечээ түштөн кийин биз министрдин орун басары Каратаевден маалыматтарды тактап, кырсыктаган учактын жүргүнчүлөрү Нарындагы ооруканаларга кайрылышпаганын аныктадык.

Коомчулукта авиация тармагынын чоңдору бараткан бул учактын кырсыкташы ар кандай кабылданды. Байкоочулардын баамында бул окуя кыргыз учактарынын эскилиги жетип бүткөнүн, мындай учактар менен учуу өтө кооптуу болуп калгандыгын билдирип турат. Бишкек шаарынын тургуну Жаныш Кожогелдиевдин айтымында, кыргыз өкмөтү жаңы учактарды сатып ала баштабаса олуттуу кырсыктар болуп кетиши толук ыктымал:

- Мобу болгон окуя бизди капалантып атат. Нарынга бараткан учак күйүп кеткен тура. Ошол себептен биздин өкмөт муну терең ойлошу керек да. Адамдардын көбү Ошко, Нарынга, Жалалабатка карай учкан үчактарга түшкөндөн абдан коркуп турушат. Ошондуктан жаңы учактарды сатып алганды ойлонушса болмок.

XS
SM
MD
LG