Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

7:00 Нарын облусунун аймагында болгон авиакырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү


Комиссия төрагалыгына вице-премьер-министр Досбол Нур уулу дайындалып, анын курамына тиешелүү министрликтердин жетекчилери кирди. Мындай буйрукка премьер-министр Алмазбек Атамбаев кечээ кол койду. Өткөн ишембиде чукул кырдаалдар министрлигине таандык ЯК-40 учагы Нарын шаарын көздөй баратып, техникалык себептен мажбур конууга аргасыз болгон. Андан экипаждын 5 мүчөсү жана 9 жүргүнчү өз алдынча чыккандан көп өтпөй учак толугу менен күйүп кеткен. Бул кырсыктан эки адам жеңил жаракат алганы кабарланууда. Учакта эл аралык «Манас» аба майданынын президенти Бактыбек Сыдыков баштаган топ болгон. Алар жергиликтүү аэропорттордун абалы менен таанышуу максатында Бишкек-Тамчы-Нарын-Казарман-Бишкек багыты боюнча жолго чыгышкан.(SM)

XS
SM
MD
LG