Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


27-28-июнда Кыргыз улуттук драма театрында эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева концерт берет. "Кечеге келген көрөрмандар менин репертуарымдагы жаңы композицияларды угушуп,“Айчүрөк” эстрада театрынын алдында ачылган мектептен билим алган таланттуу улан-кыздардын өнөрлөрүнө күбө болушат",- деди ырчы.

26-июнда Бишкекте кантри музыкасынын кечеси өтөт. Кеченин конокторуна “Биг хилбили блуграсс” тобунун жана “Ордо Сахна” фольклордук этнографиялык ансамблинин музыканттары өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

29-июнда “Кыргызартекс” борборунда “Сахна” көчмө театрынын артистери Кожожаш эпосунун негизинде сахналаштырган “Керээз” спектаклин көрсөтүшөт. Ал эми 1-июлда Кыргыз улуттук драма театрында “Жолугушуу” аттуу спектаклдин премьерасы болот. Бексултан Жакиевдин пьесасынын негизинде сахналаштырылган бул оюнду кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев койгон. Режиссердун айтымында спектаклде бүгүнкү күндө турмушта болуп жаткан көйгөйлүү маселелер козголгон.

Кыргызстандагы «Сүрөтчү жана көркөм өнөр таануу боюнча асcоциациясынын» сүрөтчү аялдары бул жумада Ысыккөлгө жөнөп кетишет. Он күнгө созулган иш-сапарында сүрөтчүлөр Чоңжаргылчак айылында болушуп, табиятты, элет турмушун чагылдырган сүрөттөрдү тартышат. Ал эми ал эмгектердин көргөзмөсү август айында Бишкекте ачылат.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде немис фотосүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөдө фотосүрөтчүлөр Германияны, шаарларын, борбору Берлинди немец элинин турмушун чагылдырган жөнөкөй жана түстүү фотосүрөттөрүн коюшкан.

Айжан Шаботоева,Бишкек
XS
SM
MD
LG