Бул тууралуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысынын кеңешчиси Тимур Исаков бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстанда баңгилердин саны 50 миңден 100 миңге чейин жана алар жыл сайын баңгизаттар үчүн 100 миллион доллар сарпташат. Баңгичилик ошондой эле ВИЧ СПИД илдетин таркатуунун негизги себепкери болууда. Өлкөдөгү СПИД илдетине чалдыккан 1693 кишинин 73% баңгизаттарын ийне менен сайынуу учурунда «жыйырманчы кылымдын кара тумоосун» жуктуруп алган. (AiT)