Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

12:51 Баш мыйзамды өзгөртүү жөнүндө маселени Консотто кароого К. Дүйшөбаев тоскоолдук кылууда


Бул тууралуу Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариев бүгүн билдирди. Анын айтымында, учурда Дүйшөбаевдин арызын кароого даярдыктар көрүлүүдө. Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалымдоосуна караганда, ал Конституциялык Сотко жазган арызында 2006-жылы ноябрь жана декабрь айларында Конституция кабыл алууда 1993-жылкы жана 2003-жылы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын талаптары бузулганын белгилеген. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ “Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун апрель айында даярдап, аны президент парламентке кароого жолдогон. Конституциялык Соттон корутунду алуу үчүн парламент сотко кайрылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG