Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

18:48 Талас районундагы Көпүрөбазар айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабек Алмүрөков сот аркылуу ордуна кайра отурду


Көпүрөбазар айылындагы “Андаш” алтын кени жана айылдагы техникаларды туура эмес менчиктештирген деген себеп менен айыл тургундары Мырзабек Алмүрөковго ишенбөөчүлүк көрсөтүп кол чогултушкан. Бирок жергиликтүү тургундардын жазган себептерин район аралык соту негизсиз деп таап, Алмүрөков ордуна бекисин деген чечим чыгарган. Айыл тургундар облустук сотко кайрылган. Жакында облустук сот район аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Азыркы тапта жергиликтүү тургундар мындай чечимге каршы болушуп, кайрадан мыйзам чегинде митинг өткөрүүнү көздөшүүдө. Бул маалыматты “Азаттыкка” Көпүрөбазар айылынын тургуну Болот Сейдалиев берди. (UA)

XS
SM
MD
LG