Экономикалык маселенин саясий өң-түс алып, бийлик менен оппозициянын, өкмөт менен бейөкмөт уюмдардын кезектеги талашына айланып кетиши Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес. Айтылуу HIPC программасынын айланасындагы узун сабак талаштын кантип башталып, кандай бүткөнү элдин эсинен чыга элек. Жалындуу чакырык, улуттук шаңдуу билдирүүлөргө карк тойгон өкмөт олчойгон карызды кантип кайтаруунун амалын издөөдө.
«Камбарата» ГЭСтеринин курулушун Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө статусунан чыгаруу аракети да артынан ошондой чоң коомдук-саясий талашты ээрчите чыгышы ыктымал. Жаңы мыйзамды кабыл алуунун параменттеги жөрөлгөсү туура эмес өткөнүн ырастап, айрым депутаттар Конституциялык сотко кайрылганы турушат. Анан да жакындан бери Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук комитети камакка алган Жогорку Кеңештин пресс-кызматкерине «Камбарата» ГЭСтеринин курулушу жөнүндөгү парламент талкуусунун текстин чет өлкөлүк жаранга бергендиги айып катары коюлуп жатканы маалымдалууда.
Кыргызстан жаш саясатчылар форумунун теңтөрагасы Адил Турдукулов эмнеликтен жаңы мыйзамга каршы чыгып жатышкандыктарынын себеп-жөнүн коррупциялык схемадан кутулуу амалына байланыштуу түшүндүрдү.
Жаш саясатчылар азыркы парламенттин азыркыдай өзгөчө маанилүү экономикалык мыйзамды кабыл алышка акысы жок, мунун баары жаңы Конституция ишке киргенден кийин гана жасалышы керек эле деп эсептешет.
Парламент депутаты Райымбек Мамыровдун ырасташынча, азыноолок жумуштары жасалган «Камбарата» ГЭСтерин Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзамдан чыгаруу аны чет элдиктерге сатып ийүүнү түшүндүрбөйт.
Кыргызстандын Отун, энергетика, өнөр жай министри Игорь Чудинов жакынкы жылдарда жаңы энергетикалык кубаттуулуктар ишке киргизилбесе өлкө оор абалга капталарын маалымдап, убакыттан уттурбаш үчүн эмитен аракет көрүү зарыл экендигин такай айтып келатат.
- Биз жакынкы убактарда бир кыйла электр энергия кубаттуулуктарын ишке киргизишибиз зарыл.
Жаңы кубаттуулуктарды, айрыкча «Камбарата – 1» электр станциясы сындуу ири долбоорлорду ишке ашырууга азырынча Кыргызстандын чама-чаркы жетишпей туру. Аны парламенттин Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков ырастап, жаңы курулуш башталып калса 50 миңге жакын кишиге жумуш табыларын маалымдоодо.
Парламенттеги узак талкуу деле чалкеш маселеге так аныктама берип, бүдөмүк суроолордун башын ачып, талкууга тактык киргизе албады. Депутат Темир Сариевдин пикиринде, электр станциясынын курулушуна эч кимдин каршылыгы жок, бирок анын артында кимдердин кызыкчылыгы башбактап турганын билиш кыйын.
Мыйзам тоскоолдугу бүгүн алынып салынса, эртең эле акча-тыйынын жүктөнүп Кыргызстанга инвесторлор агылып келет деп айтыш деле кыйын. Өлкө экономикасынын өзөктүү маселесинин минтип чоң коомдук жаңырыктарды жаратып жатышы жооптуу чечимдерди кабыл алып жаткан кыргыз чиновниктерин эле ойлонтпостон, чет эл инвесторлорун деле кооптонтушу мүмкүн.