Бул тууралу Азаттыкка облустагы мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн башчысы Аманбек Чороев билдирди. Соңку беш айдын жыйынтыгы боюнча, былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыктары отуз жети пайызга көбөйүп, мында каза тапкандар саны эки эсеге өстү. Алалы, жылдын башынан дейре баш-аягы 106 жол кырсыгы катталып, андан 154 адам ар кандай денгээлдеги жаракат алып, 48 адам каза тапкан. Өткөн жылы болсо, ушул убакка жол кырсыгында көз жумгандар саны 28 адамды түзгөн эле. Ысыккөлдөгү мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнүн башчысы Аманбек Чороевдин айтымында, жол белгилеринин жетиштишсиздиги бул маселеге өбөк болуп турат. Анткени, соңку убакта көл кылаасында жол боюндагы белгилерди казан-капкак кылып урдоо күч алды. Ахыбалдын жамандыгын эс алуу сезону башталганда, көлдү беттей багыт алгандардын жол эрежелерин сактабашы да шарттоодо. (ElenK)