Жыл башынан бери губернатор Байымбет Мураталиев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен такыр жолугушпай келген. Бул маселени губернатор облуста акыркы кезде болуп жаткан алтын кен тууралу түзүлгөн кырдаалга шылтады. “Талас турмушу” гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов укук коргоо кызматкерлери массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен начар иштешип жатканын, МАИ кызматкерлери менен рейддер болбой жатканын айтты. Облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Айтбек Муралиев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул тууралу бир дагы жолу аларга кайрылган жок деп жооп берди. Жыйында ошондой эле облустагы төө бурчак, алтын кендери, Талас-Өтмөк жолунун курулушу жана облустагы социалдык маселелердин тегерегинде суроо-жооптор болду. (UA)