Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

19:16 Жогорку Сот Нарын рестораны боюнча ишти териштирип жатат


Бүгүн Жогорку Сот «Нарын рестораны» ААКнын айланасындагы соттук териштирүүнү экинчи курдай карап, бирок чечим чыгарган жок. Ишти кароо келерки аптанын бейшембисине жылдырылды. Соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда Жогорку Соттун алдында жыйырмадан ашуун адам пикетке чыгышты. «АО Нарынды» акыйкаттуулук менен чечип бергиле», «Осмонов кетсин» ж.б. жазууларды көтөрүшкөн жарандар мурдакы «Нарын рестораны» ААКнын акционерлери жана ААКтын деректири Макулбек Шайбековдун жактоочулары болуп чыкты. М.Шайбеков экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин кийлигишүүсүнөн «Нарын ресторанынын» акциялары мыйзамсыз тартылып алынды деп сотко даттанып, натыйжада Ленин райондук жана Бишкек шаардык соттук териштирүүлөрдө Нарын рестораны мыйзамсыз сатылган деп табылган. (KUs)

XS
SM
MD
LG