Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу бүгүн Москвада НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушуу Орусия –НАТО кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү. Жолугуушууда эки ортодогу талаштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын да белгиленди. Андай талаштуу маселелердин катарына АКШнын антиракеталык системасынын жабдууларын Европада орнотуу планы, Европадагы кадимки куралдар боюнча келишим жана Сербиянын Косово провинциясынын болочок статусу кирет.