Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

8:10 Лейлекте жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн курулуш материалдарын алып бараткан автоунаа дарыяга кулап түштү


Өзгөрүш айылына цемент жана шыйпыр алып бараткан жүк ташуучу ЗиЛ автоунаасы көпүрөнүн бузулуусунан Козубаглан дарыясына кулап түшкөн. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян болгон жок, бирок курулуш материалдарын толугу менен суу жууп кеткен. Жүк ташуучу автоунаага туруштук бере албай эскилиги жеткен көпүрө болсо толугу менен кыйрап, Өзгөрүш айылынын Актерек маалесиндеги унаа байланышы үзүлүп калды. Учурда бул кырсык кириптер кылган чыгымдар такталууда. Мындай маалыматты «Азаттыкка» чукул кырдаалдар министринин орун басары Бакир Жолчиев тастыктады.(SM)

XS
SM
MD
LG