Тажик президенти Эмомали Рахмон жана оппозиция лидери Саид Абдулло Нури 1997-жылдын 27-июнунда Москвада кол койгон келишим өлкөдө беш жылга созулган жарандык согуштун расмий аякташы болгон. Жарандык согуштун учурунда 100 миңден ашуун адам өмүрүнөн айрылып, жарым миллионго жакын киши качкын катары жер которууга аргасыз болгон. Ошону менен бирге өлкөнүн инфраструктурасы да талкаланган.