Жабык эшик артында өтүп жаткан жыйынга Кыргызстан коргоо министри Исмаил Исаков төрагалык кылууда. Ага Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан коргоо министрлери жана Өзбекстандын коргоо министринин орун басары катышууда. Жыйын соңунда министрлер маалымат жыйынын өткөрүшөт. Коргоо министрлер Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин президенттеринин август айында Бишкекте боло турган саммитинин алдында жыйналыш курууда. (AiT)