Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

ДҮЙНӨДӨ БАҢГИЛИКТИН ЖАЙЫЛУУ ТЕМПИ БАСАҢДАДЫ


Улуттар уюмунун атайын комиссиясы билдиргендей, дүйнөдө маңзаттардын жайылышы акырындап көзөмөлгө алына баштады. Ошол эле маалда жалпы дүйнөлүк деңгээлде маңзат аткезчилиги, баңгиликтин жайылышы ооздуктала баштаганы менен, Ооганстанда апийим өндүрүшү, Европада кокаинди колдонгондор, Африкада маңзаттарды ташуу азырынча күчөгөндүн үстүндө.

Бириккен улуттар уюмунун маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча комиссиясы шейшембиде жылдык докладын жарыялады. Анда айтылгандай, дүйнөдө маңзаттын бардык түрлөрүн – кокаин, героин, анаша жана амфетаминди пайдалануу жана аларды ташып сатуу ишинин өсүп-өркүндөө арышы бир аз жайлай түштү. Докладда айтылгандай, эл аралык деңгээлде баңгилик көйгөйүнүн туруктуу темпке түшүү жараяны 2004-жылы башталган. Ошентсе да, дүйнөдө баңгилик көйгөйү акырындап жок болуп баратат деп айтуу бери дегенде ашепкелик болмок.

Анткени айрым жерлерде маңзаттар көйгөйү азаймак тургай, эпидемияга айланып бараткан чагы. Улуттар уюмунун докладындагы маалыматтар боюнча, Испанияда калктын 3%ны жакыны кокаинди туруктуу колдонот, алардын жарымынан көбү өспүрүмдөр жана 25ке чыга элек жаштар. АКШда калктын 2 жарым пайызына жакыны кокаинди жума сайын сатып алышат. Соңку жылдары европалыктар арасында экстази өңдүү амфетаминден даярдалган маңзаттарды колдонуу көбөйүп, бул кооптуу затты колдонгон баңгилердин саны жагынан Голландия, Польша, Балтика өлкөлөрү жана Бельгия алдыга чыгышты.

Маңзаттарды даярдап-жайылтуу булагы катары Ооганстан ушу тапта дүйнөлүк проблемага айланды. Бул тууралуу Улуттар уюмунун дколадын даярдоого катышкан эксперт Томас Пейчман белгилеп өттү.

- Дүйнө жүзүн алганда, жалпы көрсөткүчтөр жаман эмес. Ошол эле маалда Ооганстан эң кооптуу маселеге айланганын моюнга алышыбыз керек. Ооганстандагы абал оңолмоюнча, дүйнөдөгү баңгилик көйгөйүндө жылыш бар деп айтууга ооз барбайт.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, былтыр Ооганстанда апийим өскөн талаалардын аянты мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 50%га көбөйүп, ооган апийиминин бай түшүмү дүйнөдө анын жалпы көлөмүн 2005-жылга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көбөйтүп, 6500 тоннадан ашырды. Апийим, андан жасалган героин жана башка маңзаттардын агымын токтотууга Ооганстандагы ички уруш-козголоңдор, ага кошумча элдин кедей турмушу кедерги болууда. Дүйнөдөгү баңгилик, маңзат аткезчилигин ооздуктоодогу башкы проблемага айланган Ооганстандагы мындай абал коңшулаш Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандагы кылмыштуулукка май тамызып жатканы талашсыз. Кыргызстандын маңзаттарга каршы мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Нурлан Бейшекеевдин айткандары да ушундай пикирди бышыктайт.

- Өзүңөр билгендей, жыл сайын Ооганстанда 6000 тоннадан ашык апийим алынып атат. Биздин Кыргызстан картадан карап көрмөк, Ооганстан менен Казакстандын ортосунда болуп калып атпайбы. Ошон үчүн баңгизаттардын бир агымы биздин мамлекет аркылуу өтөт. Баңгизаттын агымы, тилекке каршы, азайган жок.

Нурлан Бейшекеевдин маалыматына удаа шейшембиде Өзбекстандын өкмөтү эл аралык уюмдардын катышуусунда колго түшүрүлгөн 800 килограммдан ашуун маңзаттарды өрттөп жок кылды. Кыргызстандын ички иштер министрлиги 3 күндүк рейд маалында 100 килограммдан ашуун маңзат кармалганын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG