Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

«ЖЕРҮЙ» МАСЕЛЕСИН КАРООГО ДЕПУТАТТАР ЧОГУЛБАЙ КОЮШТУ


«Жерүй» алтын кенине байланышкан маселе бүгүн парламентте каралбай калды. Буга сессияда кворумдун жоктугу себеп болду. Бул аралыкта Эл аралык арбитраждык сот Кыргызстандан жана Жерүйдөгү алтынды иштетүү милдетин алган мурдагы ишканадан ар кандай билдирүүлөрдү чектей турууну суранды. Учурда кызматташуудан четтетилген «Оксус голд» компаниясы Кыргызстанга 300 миллион доллар доо коюп жатат.

27-июнга күн тартибине киргизилген «Жерүй» алтын кенине байланышкан маселени талкуулоо учүн болгону жыйырмадан ашык депутат чогулду. Төрага Марат Султанов бул маселе комитетте да каралбай калгандыгын маалымдады. Натыйжада маселени кароо күзгө калтырылды:

- Комитет дагы карай элек экен. Ошондуктан, комитетте карап чыккалы бул маселени, аягына чейин карагыла, сунушуңарды даярдагыла.

Чогулган депутаттардын айрымдары кыйла депутаттар саясий кызыкчылыктары болбогон үчүн да келбей коюшту деп болжошту. Өкмөт парламентке толук курамында келгени менен, маселенин күзгө калышы ыңгайлуу жагдайды түздү. Анткени мындан бир нече күн мурун Алмаз Атамбаев алтынга байланышкан маселелерди күздө кароону сунуштап, парламент төрагасына кат берген болчу. Маселе алты айдан бери создугуп, чекит коюлбай келатканына нааразы болгон депутат, алтын маселелерин иликтеп келаткан комиссия төрагасы Болот Шерниязов үзгүлтүккө учуратылган бул иште депутаттардын эмес, ириде өкмөттүн күнөөсү бар деп эсептеди:

- Эскерттик эле буларга. Айырмасы: Алмаз Шаршеновичтин (Атамбаев) ордунда Кулов отурган. Калгандарынын баары отурат. Ошондо сурадык эле: ушу долбоор иштебей калса ким жооп берет деп, эсиңиздеби, Марат Султанович? Мына баары келди, жооп бере турган адам жок, Кулов жок. Мен бүгүн ушу боюнча ачык-айкын бир чечим кабыл алабыз го деп. Бирок, комитет дагы, кворум дагы жок. Эми бул маселе аргасыздан күзгө калат да.

Жерүй алтын кенин ишетүү милдетин көп жылдан бери аркалап, бирок, ишке киргизе албай келаткан чет өлкөлүк «Оксус голд» компаниясынан кыргыз өкмөтү Феликс Кулов башында турган кыргыз өкмөтү былтыр баш тартып, анын ордуна австриялык «Глобал голд» компаниясы менен макулдашууга келген жана мурдагы компаниянын чыгымдары жаңы инвестордун эсебинен жабылмак. Кулов кезинде Британиялык «Оксус голд» компаниясы өз милдеттенмелерин аткарбай жатат, мурдагы макулдашуу Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт деп билдирген болчу. Мурдагы бийлик тушунда лицензиясын алдырып жиберип, жаңы бийликтин тушунда кайтарып алуу аракеттеринен майнап чыгара албаган «Оксус голд» 1998-жылдан берки кеткен чыгымдарын Эл аралык арбитраждык сот аркылуу өндүрүү аракетин көрүүдө. Кокус компаниянын арызы канагаттандырылса, Кыргызстан 300 миллион доллар төлөп берүүгө аргасыз болот.
Алмаз Атамбаев баштаган азыркы өкмөт Жерүйдүн айланасындагы чыр-чатактарды токтотуп, ишти илгерилетүүнүн жалгыз жолун «Глобал голд» компаниясынын иштешине мүмкүндүк түзүп берүү менен байланыштырып жатат:

- Азыр эми "Глобал голддон" дагы лицензиясын алсак, алар дагы чырдай берет, ушундай эле кырдаал кайталана берет. Ошондуктан, кандайдыр бир кадамдарга барарда ойлонуп барышы керек.

Экс-премьер министр Феликс Кулов ката кетирди деп эсептеген Атамбаев азыркы шартта сүйлөшүү жолу аркылуу ишти илгерилетүүдөн башка жол жок деп эсептейт. Айрым саясатчылар мындай мамиленин артында бийлик башындагылардын жана ага ыктагандардын жаңы компанияда кызыкчылыктары болушу мүмкүн деп боолгошууда. Орозбек Дүйшеев баштаган тоо-кенчилердин кыйласы маселени терең салмактап жөнгө салбаса, Жерүй дагы далай убарага, каржылык муктаждыкка кирептер кылат деп чочулашууда.

Чыр-чатактар, элдин нааразылыктары менен коштолгон бул ишке чекит кое албай жатканына өкмөткө нааразы болгон алтын комиссиясынын төрагасы, депутат Болот Шерниязов күзгө жуук Таластын өзүндө Жерүй алтын кенине байланышкан маселени коомдук угууга чыгара тургандыгын парламентте билдирип, премьер министр Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрүн чакырды:

- Август айында Таласта коомдук угуу болот. Биз комиссия даярдайбыз. Анда ошол жакка келип беришиңиздерди суранам мен силерден.

Коомдук талкуунун убагы өтүп кетти деп эсептеген Алмаз Атамбаев августтагы талкуудан олуттуу тыянак чыгарына ишеним арткан жок. Анын көз карашында Жерүй маселесине парламент аркылуу гана чекит коюуга болот. Бул аралыкта жаңы компания 2008-жылдын экинчи жарымында алтынды каза баштаарын белгилөөдө. Жакындан жарыяланган кенди иштетүү боюнча техникалык-экономикалык негиздер июлдун аягында иштелип бүтөөрү айтылууда. «Жерүй» алтын кенинде 74 тонна алтын запасы бар экендиги мурда кабарланган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG