Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

ИРАНДА АВТОУНАА АЙДООЧУЛАРЫНЫН НАРАЗЫЧЫЛЫГЫ КҮЧ АЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүндөн баштап Иранда жөнөкөй айдоочуларга бензинди колдонууда чектөөлөр киргизилет. Ар бир автомобиль айдоочусу айына 100 литрден ашпаган күйүүчү майды гана колдоно алат. Буга нааразы болгон айрым ирандык айдоочулар май куйуучу станциялардын кеминде бешөөсүнө кол салышканы кабарланууда. Алар президентти жекирген сөздөрдү кыйкырып жатышкан экен.

Жаңы чектөөлөр шейшембиден шаршембиге караган түнү күчүнө кирди. Болгондо да, бул өңдүү эреже иштей башташы тууралуу кабар андан эки эле саат мурдараак айтылган.

Азыр маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, Иранда көпчүлүк айдоочулар өкмөттүн чечимине кескин наразычылык билдирип жатышат. Алар: “Эмне үчүн өкмөт бул чечим туралуу бизди алдын ала маалымап, даярданганга мүмкүнчүлүк бербеди?”,- деп суроо коюп жатышат.

Анан эмне үчүн эле адамдар жаңы эрежелерге нааразы болуп жатышканы деле түшүнүктүү. Анткени Иран өзүндө тургундарга бензинди аябай арзан баада сатат. Мисалы, Ирандагы кайсыл бензин куйуучу бекетке барбаңыз, ал жерде бир литр бензинди болгону 11 центтен сатып ала аласыз. Бул, мисалы, кыргыз сомуна айландырганда, 4 эле сомдун тегерегинде болуп калат го дейм. Бул – бензиндин бүгүнкү дүйнөлүк баасынан 5 эсе арзан экен.

Адамдар буга чейин ушул арзан баа менен күйүүчү майды канча кааласа, ошончо алып жүргөндөн кийин, ага үйрөнүп калышты да. Эми айына болгону 100 гана литр сатып алганга укугуңуз бар дешсе, ошого жини келип жатат го. Бирок адамдар арзандатылган баада 100 литрден башка бензин керектеш үчүн аны дүйнөлүк баа менен сатып ала алабы-жокпу деген суроого азыр так жооп айтыла элек.

Азыр бизге түшүп жаткан кабарларга караганда, жаалданган эл кеминде беш май куйуучу бекетке чабуул коюп, өрттөшкөн. Мындай окуялар Ирандын байтактысы Тегеранда да, анан Ахваз, Эсфахан, Казай жана Табриз деген шаарларда да болгону айтылып жатат.

Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, Тегерандагы ошол тополоң-тоз учурунда бир аял көз жумуптур. Шаардагы журналисттердин бири Фаризбурз Соруш “Фарда” радиосуна билдиргенине караганда, бир топ адамдарды полиция камакка алды.

- Кабарларга караганда, Тегерандагы жана башка шаарлардагы бензин куйуучу станцияларга адамдар чогулушкан. Газвин, Шариати жана башка көчөлөрдөгү станцияларга топтолгон адамдар мушташып да жатышты. Кийин тополоңду басууга аракет кылган полиция менен да кагылышуу болуп кетти. Кээде ок атылып жатканы угулду, айрым станциялар өрттөнүп жаткан, - деди тегерандык журналист Соруш.

Иран - мунайга бай мамлекет. Ал дүйнөдөгү эң ири мунай экспорттоочуларынын ичинде төртүнчү орунда турат жана ОПЕКтегилердин ичиндеги экинчи мунай өндүрүүчү катары белгилүү. Мына ушундай бай ресурстарына карабай, Иранда мунай ташый турган куурлардын кубаттуулугу анча чоң эмес. Ошон үчүн өлкө өзүндө колдонулуп жаткан бензиндин 40% сырттан сатып алат. Анын үстүнө, азыр Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маселе эларалык коомчулукта өтө жандуу талкууга алынып жаткан учур эмеспи. Расмий Тегеран Бириккен улуттар уюмунун санкцияларынан коркуп, өзүндө колдонулуп жаткан күйүүчү майдын көлөмүн азайтууга аракет кылып жаткан өңдүү.

Анткени Тегеран эларалык коомчулуктун өзөктүк программасынан баш тартуу талабын аткарбай койгондо, ага каршы санкция киргизилсе, өлкө жөн гана изоляцияда калат да, сырттан эч нерсе сатып ала албай калат. Бул, өз учурунда, жалпы мамлекеттин экономикасына чоң зыянга турушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG