Өлкөнүн Йонбон деген жердеги башкы атомдук реакторуна барууга уруксат берилгенин жапониялык Киодо агенттигине МАГАТЭнин Түндүк Кореяда жүргөн инспекторлор тобунун башчысы Олли Хейнонен билдирди. Бул МАГАТЭ инспекторлорунун Пхеньянга соңку беш жылда алгачкы ирээт барышы. Быйыл февралда Пекиндеги алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө Түндүк Корея экономикалык жардам алган шартта өзөктүк программасын токтотууга макул болгон.