Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

UNPF: ДҮЙНӨДӨГҮ КӨҢКҮ КАЛКТЫН ТЕҢИНЕН КӨБҮ ШААРЛЫКТАР


Улуттар Уюмунун калк фондусу жаңы эле жарыялаган докладда эмдиги жылы дүйнөдө шаарлыктардын саны элеттиктерден ашып түшөрү айтылат. Бул көрүнүш адамзат тарыхында биринчи ирет катталып отурат. Алдыдагы чейрек кылым ичинде шаар калкы өтө ылдам арымда көбөйөт. Эл аралык демографтар бул докладды өкмөттөрдү жана шаар бийликтерин ушу таптан эскертип кагылган коңгуроо деп аташты.

Докладда келтирилген маалыматтарга ылайык, ушу азыр дүйнөдөгү көңкү калктын 3,3 миллиарды шаарларда турушат. Алдыдагы чейрек кылым ичинде алардын саны беш миллиардга жетет. Демографтардын болжолунда шаар калкы жыл сайын 1,2 миллион кишиге көбөйүп отурат. Бу процесс өзгөчө өнүгүп жаткан өлкөлөрдө ыкчам жүрөт,натыйжада 2030-жылга барып планетадагы калктын 60 проценти шаарларда жашап калат.Алардын сексен процентин жакыр өлкөлөрдөгү шаарлыктар түзмөкчү.

Элеттиктерди шаарларга азыр да жакырчылык айдап жатат. “Азаттыктын” кабарчысы Кабулда жергиликтүү тургундарды кепке тартканда,алардын көбү борборго жокчулуктан улам жумуш издеп келишкенин айтышкан. Мухаммед Жавед аттуу киши кыштакта кыларга иш жоктугун,болгону бада багып,кой кайтарса гана болорун,алган акысы бир күнгө да жетпей турганын,ошондон улам Кабулга маяналуу иш издеп келип,бу жерден деле жарыткан жумуш таппай жатканын айтты. Ушундай эле себептер менен төрт жыл мурда Бадахшан провинциясынан келген дагы бир адам Кабулда полицияга ишке киргенин,алган жалыйнасы айылда калган бала-бакырасына жөнөтмөк тургай, өзүнүн күнүмдүк кара курсагынан ашпай жатканын билдирди.

Элеттиктер эсебинен шаар калкынын өсүшү эмнелерге алып келиши мүмкүн?

Докладды даярдаган авторлордун бири Жорж Мартайн бу документти көп “үмүттүн” бири таризде мүнөздөдү. Шаар калкынын эпсиз,айныксыз көбөйүү келечегине илгери үмүт менен карайбыз,мунун өзү өнүгүү мүмкүндүгү экенин сезип турабыз, деп айтты “Азаттыкка”. Ошол эле учурда бул тенденция шаар турмушуна жаңыча мамилени талап кылат.

Урбанизациянын үзүрүн көрүү үчүн билим берүү системасы,тейлөө чөйрөсү, саламаттык сактоо,транспорт тармагы,жалпы инфраструктура кайра курулушу керек. Шаарлардын экологиялык абалы,калкты таза суу менен камсыздоо маселелери жаңыча өңүттө пландалып,жаңыча чечилиши зарыл. Ансыз урбанизациянын ыкчам арымы олуттуу проблемаларды пайда кылышы, атүгүл социалдык алааматтарга айланышы мүмкүн. Алардын ичинен докладда жакырчылык элет жеринен шаарга көчөрү, жумушсуздук күчөрү, айрыкча жаштар чөйрөсүндө кыйын-кычык кырдаал түзүлөрү эскертилет. Бул процесстин келечектеги кесепеттерин азайтуу үчүн азыртан кам көргөн абзел.Ошондуктан Улуттар Уюмунун эксперттери жаңы докладды дүйнө лидерлерин, өкмөттөр менен шаар бийликтерин алдын ала кулак какты кылган кооптуу “коңгуроо” деп аташты.

XS
SM
MD
LG