Президент Курманбек Бакиев кечээ кылмыш мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган мыйзамга кол койду. Өлүм жазасын өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырууну караган бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 26-апрелде кабыл алган. Мыйзам өлкөнүн кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырууну да карайт. Белгилүү болгондой, өлкө баш мыйзамынын акыркы редакциясында өлүм жазасы алынып салынган.(SM)