Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

КОЛГО САТЫЛГАН БЕНЗИНДИН КӨЛӨМҮНӨ ИРАНДА ЧЕКТӨӨ САЛЫНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 27-июнга караган түндөн тартып Иранда сатылган бензин үчүн чектөө киргизилгендиктен, борбор калаа Тегеранда жана айрым башка аймактарда толкундоолор чыкты, анткени өкмөт ал тууралуу өтө кеч жарыялады.

Мунай корлорунун көлөмү боюнча Иран дүйнөдө төртүнчү же бешинчи орунда турат, бирок мунай иштетүүчү ишканалары аз, ошондуктан өлкөдө керектелүүчү бензиндин 40 пайызы сырттан импорттолуп келет. Бирок 1978-жылдагы Ислам революциясына чейин жагдай мынчалык начар эмес болчу.

Ал тууралуу Женева шаарындагы Эл аралык изилдөөлөр борборунун Иран жана Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Мухаммад Реза Жалили минтип айтат: "Ислам революциясына чейин, Ирак менен башталган согушка чейин Ирандын Абадан деген шаарында - дүйнөдөгү эң чоң мунай иштетүүчү ишканалар бар болчу, бирок алар андан бери бир да жолу оңдолгон жок. Отуз жылдын ичинде өлкөдө бир дагы жаңы андай ишкана курулбады. Ошол эле учурда өзөктүк изилдөөлөргө эбегейсиз каражат коротуп жаткан өкмөт өлкө жарандарынын күнүмдүк турмушун жакшыртууга дээрлик эч көңүл бурбайт", - дейт Жалили.

"Ассошиэйтед пресс" агенттиги билдиргенге караганда, акыркы айларда жашылча-жемиштердин баасы Иранда үч эсеге, ижарага алынган үйдүн баасы эки эсеге өстү, ал эми жумушсуздук, расми маалыматтарга караганда, 11 пайызга жетти, Дүйнөлүк банк болсо 30 пайыз жөнүндө айтууда. Ошол эле мезгилде Иран өзүнүн 545 миң адамдан турган аскерине жылына алты миллиард 600 миллион доллар коротот.

Ошондуктан мындай тең салмаксыз экономикада ар башка терс көрүнүштөр болоору күтүлгөн жана бензиндин баасы жогорулайт, же аны сатууга лимит киргизилет деген сөздөр көптөн бери айтылып келген. Өкмөт болсо жеке менчик колго сатыла турган бензиндин көлөмүн чектөө боюнча карточкаларды сата баштаган.

Анткен менен безин сатууга чектөө 26-июнда түнкү саат он экиде киргизиле турганы жөнүндө ал мөөнөткө үч саат калганда гана, 26-июнда кечки саат тогузда жарыяланды, ошондуктан түнүнчүн өлкөнүн он-чакты аймагында ар башка толкундоолор чыкты. Май куюучу жайларда көптөгөн адам топтолгондуктан, алардын айрымдары таш бараңга алынып, эки-үчөөнө өрт да коюлду.

Беш-алты айга гана киргизилди деп айтылган жаңы тартип боюнча жеке менчик машинелер үчүн айына 100 литрден ашык бензин берилбейт, таксисттер болсо 800 гана литр ала алат, чет өлкөлүк дипломаттар үчүн дагы 600 литр деген чек коюлду. Мындай тартипти парламенттин айрым депутаттары дагы сынга алды жана азыр - жогорулатылган баа менен чектен ашык бензин сатуу маселеси да көтөрүлүүдө.

Бензин болсо Иранда азыр өтө арзан сатылат - анын бир литри 11 гана цент турат жана бул баа бир бөтөлкө лимонаддын баасынан беш эсе арзан. Иран өкмөтүнүн пикиринде, анын бензин импортуна Батыш мамлекеттери жакын арада санкция салышы мүмкүн, ошондуктан керектөө чектелүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG