Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

КУБАН АБДЫМЕН: БИЛИМ БЕРҮҮБҮЗ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН ДЕҢГЭЭЛГЕ КӨТӨРҮЛӨ АЛБАЙ ЖАТАТ


Гулайым Ашакеева, Бишкек Кыргызстан менен АКШнын ортосунда бир катар академиялык алмашуу программалары жүзөгө ашырылат. Биздин маектешибиз Кубанычбек Таабалдиев (Кубан Абдымен)– учурда АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган Фулбрайт программасынын жеңүүчүсү катары Американын Монтана университетинде Эл аралык журналистика боюнча кесипчилик чеберчилигин жогорулатууда.

- Урматтуу Кубан мырзы, маектешүүбүздү алгач АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы академиялык кызматташуу кандай деңгээлде деген суроодон баштасак? Американын илимий коомчулугу Борбор Азия чөлкөмү, Кыргызстан тууралуу канчалык деңгээлде кызыкдар?

- Эки тараптуу акдемиялык карым-катнаш менин билишимче 13-14 жылдан бери өнүгүп келе жатат, дагы акыркы жылдары абдан бийик деңгээлге көтөрүлдү десек болот. Учурда бир тор программалардын алкагында, мисалы университеттердин мугалимдери жана изилдөөчүлөрү Маски, Фулбрайт, ал эми мектеп окуучулары менен студенттер АКСЕЛС программалары аркылуу алмашуу пргораммалары ишке ашырылууда. Бул эки тараптуу алмашуу программалары окутуу, тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу сыяктуу процесстерде эң кеңири жайылтылууда. Ал эми эки тараптуу Кыргыз илимдер академиясы менен америкалык окумуштуулардын байланышы анчалык бийик деңгээлге көтөрүлө элек. Учурда мындай өнүгүүгө тоскоолдук кылып жаткан саясий жактан стабилдүүлүктүн жоктугу болушу ыктымал. Себеби Кыргызстан Американын жалгыз бир гана гана кызыккан мамлекети эмес, АКШ жалпы Борбор Азия мамлекеттериндеги окумуштуулар менен байланыш түзүүгө кызыккандыгына карабастан саясий маселелер толугу менен чечилбегендиктен илимий байланыштар жаатында кызматташуу солгун.

- АКШдагы илимий чөйрө, андагы жүргүзүлгөн илимий иштердин мүнөзү кандай? Эки өлкөнүн илимий коомчулугунун өзгөчөлүктөрү, окшоштуктары барбы?

- Америкадагы илимий изилдөөлөр тажрыйба жагына көп көңүл буруп, практикалык колдонуу мүнөзүнө ээ. Негизинен окумуштуулар университеттердин алдындагы атйын изилдөө борборлорунда топтолушкан. Алардын илимий иштеринин жыйынтыктары бардык жагынан таразаланып керектүү практикалык жагы тандалып алынат. Ал эми теориялык мүнөзө ээ болуп келечекте пайдасы тийсе дагы белгисиз бир убакытты талап кыла турган илимий иштер, ачылыштар өзүнчө бир багыттагы изилдөө борборлорунда иштелет. Илимий иштердин негизги багыты болуп азыркы Америка коомуна канчалык деңгээлде тез пайда алып келе турган жаңы ачылыштар, сунуштар, ойлоп табуулар эсептелет дагы мүмкүн болсо ошолорду тезирээк ишке ашыруу жолго коюлган. Ал эми Кыргызстанда болсо тилекке каршы совет мезгилинен калган тажрыйба менен көпчүлүк илимий изилдөө багытындагы мекемелер теориялык изилдөөлөргө гана басым коюп коомчулукка пайда алып келе турган деңгээлге көтөрүлө албай жатат. Дагы анын үстүнө мамлекет ошол окумуштуулар ойлоп тапкан илимий сунуштарды тез аранын ичинде ишке киргизүүгө жана пайда табууга мүмкүнчүлүк таба албай жатат. Андыктан эки мамлекеттин окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүнүн деңгээли жана колдонмо жагы ар кайсы тепкичтерде турат десек болот.

- Бул академиялык алмашуу программалары, биргелешкен илимий долбоорлор Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий-дипломатиялык мамилелердин өркүндөшүнө канчалык деңгээлде салым кошо алат?

- Бул эки тапатуу саясий мамилелердин учурда бийик деңгээлге чыга албагандыгы менен илимий жактан, маданий жактан, билим берүү жагынан байланыштар бир топ деңгээлге жетип, мындан ары дагы өнүгүү потенциалы бар экендигин көрсөтүп жатат. Ал эми саясий жактан карасак, тилекке каршы Кыргызстандын азыркы бийлиги Америка менен мамиле түзүүдөгү түшүнбөстүктүн бир топ мисалдарын келтирсе болот. Жакында эле Кыргызстандан келген делегация бул Монтана университетинде болуп эки тараптуу өнүүгүүлөргө бир топ көңүл бурулуп жатканына күбө болушту. Делегациянын башчысы Кыргызстандын Билим берүү министри Каныбек Осмоналиев Вашингтондо да бир топ жолугушууларга катышып бир катар эки тараптуу кызматташууга жол ачкан келишимдерге жетишип кетти. Ал эми тилекке каршы эки өлкөнүн расмий бийликтеринин ортосундагы мамилелер мындан үч-төрт жыл мурдагыга салыштырганда жакшы деңгээлге жете элек. Эми келечекте Кыргызстандын жаңы бийлиги Американын Кыргызстандын өнүгүүсүнө тийгизген пайдасы менен салымы бараандуу экендигин түшүнсө расмий бийлик дагы бир топ колго алынаарлык нерселерди жасайт деп ишенем.

- Кубан мырза, сөзүбүздүн соңунда Сиздин ушул Фулбрайт программасынын алкагында алып жаткан кесиптик билимиңизди, жаңы иш-тажрыйбаңызды Кыргыз журналистикасында, медиа тармаганда кандайча колдонууну пландаштырып жатасыз?

- Мен Монтана университетиндеги Эл аралык бөлүмдүн алкагында Америка Кошмо Штаттарындагы маалымат каражаттарынын өнүгүшү жана өзгөчө алыскы штаттардагы, аймактардагы гезит-журнал жана радио-телевидениенин абалы жана алардын топтогон тажрыйбасы Кыргызстанга канчалык деңгээлде колдонула алат деген багытта изилдөө жүргүзүп жатам. Менин дагы бул университетке келишиме Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде беш жылдык окутуучулук тажрыйбам чоң жардам берди десем болот. Монтана университетинин менин илимий иштериме болгон кызыгуусу эл аралык деңгээлдеги жана мурунку журналисттик тажрыйбама, ошондой эле “Кабар” агенттигинин башында тургандагы эл аралык байланыштарымдын бардыгы эске алынды десем болот. Менин негизги илимий жана окутуучулук кызыгуум студенттерге, жаш журналисттерге эл аралык стандартка жооп бере турган журналистиканын зарылчылыгын, жаңы ыкмалары берүү болгон. Менин оюмча ушул “Манас” университети сыяктуу журналистика багытындагы жаңы ыкмаларга, технологияларга жана азыркы учурдагы эл аралык журналистиканын абалы тууралуу жаңы маалыматтарды студенттерге, жаш адистерге берүүнү кызыккан окуу жайлар, тараптар менен түздөн-түз кызматташууга пландарым бар.

- Рахмат, Кубан мырза. Илимий иштериңизде ийгиликтер болсун!

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG